Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Баткен шаарында 2019-жылдын 24-25-апрель күндөрү «2019-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагы болуп өттүү. Кароо-сынакка район, шаарлардан мыкты деп табылган 6 мугалим катышып, салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында Кадамжай районунун география мугалими Мурзаева Алтынай “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылды. Ал эми экинчи орунду Сүлүктү шаарынын Н.Кушматов атындагы орто мектебинин мугалими Муртазали кызы А, үчүнчү орунду Лейлек районунун Кара Булак орто мектебинин тарых мугалими С Маанова ээлешти.

 30.04.2019      549       Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты мугалим

Мыкты мугалим

2019 жылдын 26-апрелинде Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев мектебинде “Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы болуп өттү. Сынактын катышуучулары ар тараптуу таланттарын, чыгармачылыктарын сабак берүүдөгү методикалык ыкмаларын мыкты деңгеелде көрсөтүшүп, калыстар мүчөлөрүнө жана келген көрүчүлөрдүн сыноосуна тартулашты. Сынактын уюштуруу комитетинин төрайымы Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловдун колдоосу менен өткөрүлдү. Байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге Ардак граматалар, Токтогул райондук профсоюз комитети тарабынан каралган аакчалай сыйлыктар, Д.Сулпукарова жана Т.Исрамловдун өз колу менен тапшырылды.

 30.04.2019      637       Кесиптик бирлик региондордо

Сад будущего

 Сад будущего

Педагогический коллектив средней общеобразовательной школы №6 города Каракол под руководством директора школы Масимова Таалайбека Кенешовича работает над проектом «Стратегии о развитии образования в 2012-2010 годах.» Педагоги работают творчески в темпе современных требований. В школе работает 82 учителя среди которых есть выпускники ВУЗов и Ветераны труда. Всех нас объединяет любовь к детям, мастерство преподавания, толерантность, общественная активность.

 26.04.2019      563       Кесиптик бирлик региондордо

Бакыт кучагындагы балдар уясы

Бакыт кучагындагы балдар уясы

2019-жылдын 17-апрель күнү Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагына караштуу № 22 “Гүлкайыр” балдар бакчасынын жаңы кошумча корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Бакчанын жаңы корпусу 55 орундуу 2 тайпага ылайыкташтырылган. Бакчанын кошумча корпусу ушул бакчада көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн балдарга арнаган, баатыр энелерибиздин бири Алиева Мээринса эненин уулу патриот агабыз Алиев Момунжан Анаркуловичтин жеке каражаты менен курулуп, балдар үчүн белек катары берилди. Корпустун курулушуна жалпысынан 6 000 000 сом каражат жумшалган.

 26.04.2019      627       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү

Баткен  шаарында “2019-жылдын  мугалими”  кароо-сынагы  өткөрүлдү

Баткен шаарында Баткен шаарынын мэриясынын материалдык жактан колдоосу менен шаардык профсоюз уюму менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү. Кароо-сынактын 1-туру Кызыл-Жол орто мектебинин базасында, ал эми 2-туру В.И.Ленин орто мектебинде өткөрүлдү.

 26.04.2019      649       Кесиптик бирлик региондордо

«Учитель года - 2019»

 «Учитель года - 2019»

В Ысык-Атинском районе Чуйской области завершился ежегодный традиционный конкурс «Учитель года - 2019». Основной целью которого является поощрение и поддержка передовых учителей школ, повышение престижа учителя, выявление талантливых педагогов, распространение их педагогического опыта, помощь в профессиональном развитии. Конкурс проходил на базе Ивановской школы гимназии им.Ч.Айтматова с 17-19 апреля 2019 года.

 26.04.2019      1242       Маалыматтык бюллетень

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталды

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2019” кароо-сынагынын райондук туру 2019-жылдын 23-апрель күнү Масы айыл өкмөтүнө караштуу № 2 “Ак куу” балдар бакчасынын базасында болуп өттү. Кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 9 балдар бакчалардын тарбиячылары катышышты. Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер класс, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

 26.04.2019      689       Кесиптик бирлик региондордо

Д.Садырбаев билим алган мектепте

Д.Садырбаев билим  алган  мектепте

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен билим берүү жана илим кызматкеринин Ноокен райондук комитети Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ЭЛ артысты, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевтин 80 жылдык юбилейина карата иш-чараларды системалуу өткөрүүшүүдө.

 26.04.2019      766       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы

Таш-Көмүр шаарындагы “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы

“2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата 16-17-апрелде Таш-Көмүр шаарында шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдер арасында “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы болуп өттү. Кароо-сынактын жобосу шаардык усулдук кабинеттин башчысы А.Мамасалиева,К.Кенжекуловалар тарабынан иштелип чыкты.Жободо көрсөтүлгөндөй предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөө,предмет боюнча ачык сабак,билим сапатын жогорулатуудагы мугалимдин жеке долбоору,чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн жөнүндө презентация,оригиналдуу көргөзмө куралдар камтылган.

 26.04.2019      1106       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ШААРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОШ ШААРЫНА МУЗЕЙ САЯКАТЫНА БАРЫШТЫ

БАТКЕН ШААРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОШ ШААРЫНА МУЗЕЙ САЯКАТЫНА БАРЫШТЫ

Окуучуларга Кыргызстандын тарыхый, маданий жерлери менен тааныштыруу максатында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин алдында иштеп жаткан “Мурас” мектеп музейин уюштуруу кружогу 2018-2019-жылга карата иш планына ылайык мектеп окуучуларына музей саякаты уюштурулду.

 26.04.2019      706       Кесиптик бирлик региондордо

Тарыхка бай кесиптик бирлик

Тарыхка  бай кесиптик бирлик

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинде облустук, райондук, шаардык, жогорку окуу жайларынын жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин түптөлгөн тарыхы, кимдер иштеген жана азыркы кезде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматтар чогулуп жатат. Бул иш чарага ар бир облустук, райондук, шаардык, жогорку окуу жайларынын жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттери өздөрүнүн чыгармачылыктары менен китепче, буклет, плайер формасында кагаз жана электрондук формада Борбордук Комитеттин ресурстук борборуна беришүүдө. Кесиптик бирликтердин мүчөлөрүн кызыктырган материалдарды Борбордук Комитеттин ресурстук борборунан алсаңыздар болот.

 24.04.2019      1090       Уюштуруу иштери