Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты мугалим

2019 жылдын 26-апрелинде Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев мектебинде “Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы болуп өттү. Сынактын катышуучулары ар тараптуу таланттарын, чыгармачылыктарын сабак берүүдөгү методикалык ыкмаларын мыкты деңгеелде көрсөтүшүп, калыстар мүчөлөрүнө жана келген көрүчүлөрдүн сыноосуна тартулашты. Сынактын уюштуруу комитетинин төрайымы Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловдун колдоосу менен өткөрүлдү. Байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге Ардак граматалар, Токтогул райондук профсоюз комитети тарабынан каралган аакчалай сыйлыктар, Д.Сулпукарова жана Т.Исрамловдун өз колу менен тапшырылды.

  1. 1 - орунду Өзгөрүш айылынын №35 Чаргынов мектебинин мугалими Субантаева Б.К.;
  2. 2 - орун Саргата айылылнын №30 Токторалиев мектебинин мугалими Султанова А.О.;
  3. 3 – орундар Терек-Суу айылынын №12 мектебинин мугалими Жумагулова Н.Ж. жана Бель-Алды айылынын №22 Жамгырканов мектебинин мугалими Одобоева С.Р.

Ал эми кароо сынактын баш байгеси Токтогул районунун №28 Ормонбеков лицейинин мугалими Шабданова Нурия Эмилбековна болуп областтык “Жыл мугалими-2019” сынагына жолдомо алды.

 

 

Материалды даярдаган:

Исраилов Токтомуш