Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

“Жылдын эң мыкты тарбиячысы-2019” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү

“Жылдын  эң  мыкты  тарбиячысы-2019” кароо  сынагынын  райондук  туру  болуп  өттү

2019-жылдын 25-апрелинде Кадамжай районунда райкомпрофсоюз комитетинин колдоосу менен «Мыкты тарбиячы-2019» кароо сынагы болуп өттү. Иш чарага кароо сынактын аймактык турунда тандалып алынган алдынкы 4 тарбиячы катышышты. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзөшүп, педагогика, психология, филология боюнча суроолорго жооп беришип, актерлук чеберчиликтерин, алдынкы иш тажрыйбаларын көрсөтүштү. Кароо сынактын максаты райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин деӊгээлин көтөрүү, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуу тарбия иштерин уюштуруу, өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Иш чаранын жыйынтыгында «Айгүл» балдар бакчасынын тарбиячысы женуучу деп аталды.

 03.05.2019      846       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек майрамыңыздар менен!

Эмгек майрамыңыздар менен!

Урматтуу тармактык профсоюзубуздун мүчөлөрү! Эмгек майрамына байланыштуу чын дилден чыккан кызуу куттуктоолорду кабыл алып коюңуздар! Биринчи Май майрамы биздин бардык эмгекчилерибиз жана профсоюз мүчөлөрүбүз үчүн Эл аралык тилектештиктин күнү катары өз укуктарыбыз үчүн, мыкты жашоо үчүн күрөштүн күнү, бардык тараптан жаңыланууга, биздин жакындарыбыз жана туугандарыбыз үчүн жакшы турмуш орнотууга, ыйык Мекенибиз болгон Кыргызстаныбыздын келечегине карай жол көрсөткөн эмгекчилердин тилектештигинин символу болуу менен ар дайыма улуу майрам болуп келген жана боло берет.

 30.04.2019      1086       Маалыматтык бюллетень

65 лет начала подготовки инженеров-строителей и архитекторов ФПИ-КГУСТА

65 лет начала подготовки инженеров-строителей и архитекторов ФПИ-КГУСТА

25-26 апреля 2019 года ведущий строительный вуз в Кыргызстане КГУСТА им.Н.Исанова проводит Международную научно-практическую конференцию «Вызовы современности: инновационное развитие строительной отрасли, проблемы ее цифровизации и стандартизации», посвященную 65-летию начала подготовки инженеров-строителей и архитекторов ФПИ-КГУСТА, Году развития регионов КР и цифровизации страны.

 30.04.2019      1035       Маалыматтык бюллетень

Жаштар Кеңешинин семинары!

Жаштар Кеңешинин семинары!

2019-жылдын 27-апрель күнү Ноокен районунда “28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата райшаардык Жаштар Кеңешинин облустук семинары болуп өттү. Семинарга профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков катышты.

 30.04.2019      652       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо күнүнө карата

Эмгекти коргоо күнүнө  карата

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш чара түзүлүп, 2019-жылдын апрелинде тегерек стол профсоюз уюму тарабынан өткорүлдү.

 30.04.2019      559       Кесиптик бирлик региондордо

ОШТО X ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮП ЖАТАТ

ОШТО X ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮП ЖАТАТ

26-апрель Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Ааламдашуу шартындагы билим берүүнүн, тарбиялоонун абалы жана өнүгүү тенденциялары» аттуу X эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Симпозиум 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Кыргыз билим берүү академиясы, "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фонду жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан ааламдашуу шартында билим берүүдө балдарды тарбиялоо жана билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү, учурдагы жетишкендиктерди жана маселелерди талкуулоо максатында уюштурулду.

 30.04.2019      609       Кесиптик бирлик региондордо

28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн утурлай

28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн утурлай

Таш-Көмүр шаардык комитетинын төрайымы Э.Эгизалиева тарабынан №6 Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ч.Бокошова жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы М.Каратаева менен биргеликте 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чаранын негизинде жолугушуу жана тегерек стол өткөрүлдү.

 30.04.2019      740       Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленди

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата обкомдун 10.04.2019 № 28 катынын негизинде Ноокен районунун билим берүү мекемелеринде атайын иш-чаралар түзүлүп, жогорку денгээлде белгиленди. Анда ар бир баштапкы кесиптик уюмдарда чогулуштар, тегерек столдор уюштурулуп, кызматкерлер 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү жөнүндөгү материалдар менен кененирээк таанышышты.

 30.04.2019      762       Кесиптик бирлик региондордо

“28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү

“28-апрель - Бүткүл  дүйнөлүк  эмгекти  коргоо  күнүнө” карата облустук  профсоюздук  иш-чара  өткөрүлдү

2019-жылдын 27-апрелинде Ноокен районунун базасында “28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлүп, ага билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун жооптуу кызматкерлери, райшаардык профсоюздук уюмдардын төрагалары, райшаркомдордун укук жана эмгекти коргоо боюнча инспекторлору, райшаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, Ноокен райондук жаштар кеңешинин мүчолөрү, баштапкы профсоюздук уюмдун төргалары, коомдук башталыштагы эмгекти коргоо инспекторлору, социалдык өнөктөштөр катышышты.

 30.04.2019      710       Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына жардам

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына жардам

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы кесип бирлик уюмунда уюштуруу иштеринин жүргүзүлүшү боюнча 26-апрель 2019-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага ( төрайымдары) үчүн семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты: Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага( төрайымдарына) кесиптик бирлик уюмунун иштерин уюштуруу боюнча жардам көрсөтүү болуп саналат. Баштапкы кесипик бирлик уюмун уюштуруу, кесиптик бирликтин максаты, милдеттери, кесиптик бирлик уюмунда уюштуруучулук-массалык иштердин багыттары, кесиптик бирликтин комиссиялары, кесиптик бирликтин бурчун уюштуруу боюнча сунуштар жана жааматтын социалдык паспорту жөнүндө түшүнүктөр берилди.

 30.04.2019      1332       Уюштуруу иштери

Райондук «Жыл мугалими -2019» сынагы

Райондук  «Жыл  мугалими -2019» сынагы

15-апрелде Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей интернатыда райондук «Жыл мугалими -2019» сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Райондук сынакка 3 зонадан жеңүүчү болуп келген 9 конкурсант катышып Жобого ылайык сынак тапшырмаларынан өтүштү. Сынакта А.Тойгонбаева (М.Ташиев атындагы орто мектеби), Б.Качкынбаева (К.Султанов атындагы орто мектеби), М.Култаева (Ы.Мону уулу атындагы орто мектеби), У.Абжалиев (Парманас атындагы орто мектеби), Жеңишбек к А. (К.Тайчабаров атындагы орто мектеби), А.Кебекова (К.у.Абдыразак атындагы лицей-интернаты), өздөрүнүн мыкты педагогикалык чеберчиликтерин көргөзүшүп, ишмердүүлүктөрүн жаш адистерге тартуулашты.

 30.04.2019      808       Кесиптик бирлик региондордо