Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ШААРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОШ ШААРЫНА МУЗЕЙ САЯКАТЫНА БАРЫШТЫ

Окуучуларга Кыргызстандын тарыхый, маданий жерлери менен тааныштыруу максатында  Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин алдында иштеп жаткан “Мурас” мектеп музейин уюштуруу кружогу 2018-2019-жылга карата иш планына ылайык  мектеп окуучуларына музей саякаты уюштурулду.

Музей саякатын “Мурас” кружогунун жетекчиси Авлиёев Фуркат, мектеп директорунун орун басары жана окуучулардын коопсуздугун камсыздап Баткен ШИИБнын кызматкери коштоп барды.Саякаттын  жүрүшүндө окуучулар  Ош облусунун Өзгөн шаарындагы Өзгөн мунарасына жана  “Сулайман Тоо” музейиндеги тарыхый экспонаттар менен тааанышып, кенен маалымат алышты.Саякаттын кийинки бөлүгүндө окуучулар  Ош Мамлекеттик Университетинин жана Ош Технологиялык Университетинин ишмердиги менен таанышты. Ошондой эле музей саякатын соңунда Ош шаарындагы жаратман жаштар менен жолугушуу болуп,Ош шаарынын жаштары окуучулар үчүн   

“Кесип тандоо” темасында тренинг өтүп, окуучуларды билим алууга үндөштү.

 

Материалды даярдаган:

Фуркат Авлиёев