Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы

“2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата 16-17-апрелде Таш-Көмүр шаарында шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдер арасында“ Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы болуп өттү.

Кароо-сынактын жобосу шаардык усулдук кабинеттин башчысы А.Мамасалиева, К.Кенжекуловалар тарабынан иштелип чыкты. Жободо көрсөтүлгөндөй предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөө, предмет боюнча ачык сабак, билим сапатын жогорулатуудагы мугалимдин жеке долбоору, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн жөнүндө презентация, оригиналдуу көргөзмө куралдар камтылган.

Сынакка жалпы 12 мугалим катышып, кароо-сынакты баалоо үчүн калыстар тобу түзүлгөн. Төрагасы Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.К.Шабданов, “Таш-Көмүр жарчысы” газетасынын редактору С.К.Каратаев, билим берүү кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.А.Эргешова, шаардык усулдук кабинетинин усулчулары калыстык кылышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында төмөнкү мугалимдер жеңүүчү болушту:

  1. Гран-Приге- №7 К.Күзембаев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Э.Э.Сейитбековага,
  2. 1-орунга - №4 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими З.Т.Арстанбековага,
  3. 2-орунга- №5 Ленин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими Жаныбек кызы Насыйкатка жана №8 Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили мугалими Н.Э.Медетбековага,
  4. 3-орунга- №1 Н.Островский атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими М.М.Эргашевага жана №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими Ж.К.Боронбаевалар ээ болушуп,шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинен баалуу белектерине ээ болушту.

Ал эми калган мугалимдерге төмөнкүдөй номинациялар:”Изилдөөчүү мугалим”, ”Мыкты сабак” ж.б., наамдары ыйгарылып,билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланышты.

 

 

Даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева