Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Баткен шаарында 2019-жылдын 24-25-апрель күндөрү «2019-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагы болуп өттүү. Кароо-сынакка район, шаарлардан мыкты деп табылган  6 мугалим катышып, салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында Кадамжай районунун география мугалими Мурзаева Алтынай “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылды.

Ал эми экинчи орунду Сүлүктү шаарынын Н.Кушматов атындагы орто мектебинин мугалими Муртазали кызы А, үчүнчү орунду Лейлек районунун Кара Булак орто мектебинин тарых мугалими С.Маанова ээлешти.

Кароо-сынактын жыйынытыгында  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков кароо-сынакка катышкан бардык мугалимдерге областтык профсоюз комитетинин баалуу белектерин тапшырды. Ошондой эле кароо-сынакка катышкан 6 мугалимге жайкы каникул мезгилинде Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берээрин белгилеп өттү.

 

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис                                                             К.Акимов