ОшМУдан маалымат
Студенттерге профсоюз билеттери менен ыраазычылык каттар тапшырылды 26.04.19. ОшМУда ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттер кесиптик кошуунга кабыл алынып, төрага Абдыжапар Ураимович аларга профсоюздун билеттерин тапшырды. Өз сөзүндө агай тартуу кылынган билеттер ээлеринин эмгектик жана социалдык укуктарын коргоого жардам берип, ишкердиктин бардык чөйрөсүндө аларга кесиптик кошуундун кызматтарынан кенен пайдалууга жол ача тургандыгын белгиледи. ОшМУнун профсоюз уюму мобилдүүлүккө келген студенттерге ар дайым кам көрүп келет. Үстүбүздөгү семестрде үч маал ысык тамак менен камсыздап, ден соолукту чыңоого шарт түзүүчү профлакторийге ар ай сайын ондон орун бөлүп берип турду. Мындан тышкары айрым иш-чараларга демөөрчүлүк дагы кылды. Бул үчүн Абдыжапар Ураимовичке эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жана жалпы мобилдүү студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
07.05.2019 609 Кесиптик бирлик региондордо“Эмгек менен эс алуу” Билим берүү жетекчилеринин билимин жогорулатуу семинар-эс алуусу
2019-жылдын 1-майында Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында “Эмгек менен эс алуу” девизинин алдында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашыруу максатында “Адилетүү келечек” коомдук уюму менен биргеликте Чүй районундагы Кегети капчыгайында билим берүү мекемелеринин жетекчилерин жана билим берүү бөлүмүнүн аппаратын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү.
07.05.2019 668 Маалыматтык бюллетеньАлдынкы тажрыйба аймакка жайылтылды
Кара-Көл шаарындагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинде 19-апрелде «Жаңы муунга жаңы окуу усулдар» аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Көл шаарларындагы бала бакчалардын тарбиячылары жана мектеп мугалимдери, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты. Катышуучулар аталган мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Винара Октонбекованын чыгармачылык отчету менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты.
07.05.2019 630 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси
2019-жылдын 24-апрель күнү Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана 67 мектептин директорлору катышышты.
07.05.2019 555 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар болуп өттү
2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы Кочкор-Ата колледжинде “Ханнс Зайдель” фондунун колдоосу менен 26-апрелде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы укуктук мамилелер” аталыштагы микротренинг болуп өттү.
07.05.2019 594 Кесиптик бирлик региондордоМинобразования предлагает законодательно закрепить введение горячего питания в школах Кыргызстана
Министерство образования и науки предлагает законодательно закрепить введение горячего питания в школах Кыргызстана. Соответствующий проект постановления министерство выносит на общественное обсуждение. «Проводимая работа по организации горячего питания для учащихся начальных классов показала свою актуальность и необходимость, но данный процесс законодательно не закреплен», - говорится в справке-обосновании. В целях повсеместного внедрения горячего питания для учащихся начальных классов общеобразовательных организаций республики и законодательного закрепления данной нормы, министерством была разработана новая редакция проекта Закона Кыргызской Республики «Об организации питания учащихся в общеобразовательных школах Кыргызской Республики».
03.05.2019 860 Маалыматтык бюллетеньЖумгал районундагы конференция
2019-жылдын 26-апрель куну Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жумгал райондук комитетинде отчеттук кайра шайлоо конференция өттү. Райондук иш-чарага Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович катышты. Жыйында төрага Асылбек Токтогулов Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунда жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишкен ийгиликтер жөнүндө кеӊири маалымат берди.
03.05.2019 621 Кесиптик бирлик региондордоӨзгөндө райондук спартакиада өткөрүлдү
2019-жылдын 20-апрель күнү Өзгөн районундагы А.Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин жазгы 28- спартакиадасынын финалдык туру болуп өттү. Спартакиада аймактарда спортту өнүктүрүү, ден-соолукту чыӊдоо жана билим берүү кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлдү. Спартакиаданын финалдык туруна 3 аймактан спорттун алты түрүнөн I жана II орундарды ээлеген мектеп командалары жана жеке оюнчулар катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында командалык оюндар боюнча спорттун волейбол түрүнөн эркектер арасында А.Маматов атындагы орто мектебинин, ал эми аялдар арасында Д.Шопоков атындагы орто мектебинин, ордо боюнча А.Турабаев орто мектебинин, спорттун кичи футбол түрү боюнча Жазы аймагынын курама командалары I орунду жеӊип алышты.
03.05.2019 589 Кесиптик бирлик региондордоКызматкерлердин Спартакиадасы өткөрүлдү
Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тейлөөдөгү кызматкерлер арасында спорттун алты түрү: волейбол, шахмат, стол тенниси, тогуз-коргоол, ордо жана кичи футбол боюнча Спартакиадасын окуу жайлар арасында 26-апрелде КӨУнүн спорттук базасында, рай-шаарлардын арасында 27-апрель күнү Кара-Суу районунун спорттук базаларында жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Спартакиаданын мандат комиссиясы катышуучулардын документациясын комиссиядан өткөрүшүп, калыстар тобу оюндардын жүрүшүн так, калыстык менен өткөрүп беришип, уюштуруучулар тарабынан ыраазычылыктарга ээ болушту.
03.05.2019 594 Кесиптик бирлик региондордоБаткен шаарында “Сергек коом” ураанынын астында спартакиада өттү
Баткен шаарында 2019-жылдын 19-апрелинде билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү. Спартакиада Баткен шаардык спорт комитетинин (башчысы Ж.Токсобаев) жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым М.Калыкова) демилгеси менен уюштурулду.
03.05.2019 575 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздар татыктуу билим, тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн
Кемин райондук кесип бирлик комитети тарабынан "Профсоюздар татыктуу билим ,тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн!" - деген семинар тренингин Кемин районундагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрайым, төрагаларына өттү. Семинарга Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Түлөбаева, Кемин райондук кесип бирлик Президиумунун мүчөлөрү, билим берүү мекемелеринин төрайымдары катышты. Семинардын максаты жаны шайланган профсоюз комиттеринин төрайым,төрагаларына КР билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерди социалдык жактан коргогон Мыйзамдарды тааныштыруу жана профсоюз уюмдарына керектүү иш кагаздары менен тааныштыруу,камсыз кылуу.болду. Семинардын катышуучуларына Кемин райондук кесип бирлик комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева Кемин райондук кесип бирлик комитетинин жүргүзгөн иштери тууралуу кыскача маалымат берди.
03.05.2019 539 Кесиптик бирлик региондордо