“28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү
2019-жылдын 27-апрелинде Ноокен районунун базасында “28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлүп, ага билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун жооптуу кызматкерлери, райшаардык профсоюздук уюмдардын төрагалары, райшаркомдордун укук жана эмгекти коргоо боюнча инспекторлору, райшаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, Ноокен райондук жаштар кеңешинин мүчолөрү, баштапкы профсоюздук уюмдун төргалары, коомдук башталыштагы эмгекти коргоо инспекторлору, социалдык өнөктөштөр катышышты.
30.04.2019 710 Кесиптик бирлик региондордоБаштапкы кесиптик бирлик уюмдарына жардам
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы кесип бирлик уюмунда уюштуруу иштеринин жүргүзүлүшү боюнча 26-апрель 2019-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага ( төрайымдары) үчүн семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты: Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага( төрайымдарына) кесиптик бирлик уюмунун иштерин уюштуруу боюнча жардам көрсөтүү болуп саналат. Баштапкы кесипик бирлик уюмун уюштуруу, кесиптик бирликтин максаты, милдеттери, кесиптик бирлик уюмунда уюштуруучулук-массалык иштердин багыттары, кесиптик бирликтин комиссиялары, кесиптик бирликтин бурчун уюштуруу боюнча сунуштар жана жааматтын социалдык паспорту жөнүндө түшүнүктөр берилди.
30.04.2019 1337 Уюштуруу иштериРайондук «Жыл мугалими -2019» сынагы
15-апрелде Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей интернатыда райондук «Жыл мугалими -2019» сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Райондук сынакка 3 зонадан жеңүүчү болуп келген 9 конкурсант катышып Жобого ылайык сынак тапшырмаларынан өтүштү. Сынакта А.Тойгонбаева (М.Ташиев атындагы орто мектеби), Б.Качкынбаева (К.Султанов атындагы орто мектеби), М.Култаева (Ы.Мону уулу атындагы орто мектеби), У.Абжалиев (Парманас атындагы орто мектеби), Жеңишбек к А. (К.Тайчабаров атындагы орто мектеби), А.Кебекова (К.у.Абдыразак атындагы лицей-интернаты), өздөрүнүн мыкты педагогикалык чеберчиликтерин көргөзүшүп, ишмердүүлүктөрүн жаш адистерге тартуулашты.
30.04.2019 808 Кесиптик бирлик региондордоЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
Баткен шаарында 2019-жылдын 24-25-апрель күндөрү «2019-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагы болуп өттүү. Кароо-сынакка район, шаарлардан мыкты деп табылган 6 мугалим катышып, салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында Кадамжай районунун география мугалими Мурзаева Алтынай “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылды. Ал эми экинчи орунду Сүлүктү шаарынын Н.Кушматов атындагы орто мектебинин мугалими Муртазали кызы А, үчүнчү орунду Лейлек районунун Кара Булак орто мектебинин тарых мугалими С Маанова ээлешти.
30.04.2019 548 Кесиптик бирлик региондордоМыкты мугалим
2019 жылдын 26-апрелинде Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев мектебинде “Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы болуп өттү. Сынактын катышуучулары ар тараптуу таланттарын, чыгармачылыктарын сабак берүүдөгү методикалык ыкмаларын мыкты деңгеелде көрсөтүшүп, калыстар мүчөлөрүнө жана келген көрүчүлөрдүн сыноосуна тартулашты. Сынактын уюштуруу комитетинин төрайымы Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловдун колдоосу менен өткөрүлдү. Байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге Ардак граматалар, Токтогул райондук профсоюз комитети тарабынан каралган аакчалай сыйлыктар, Д.Сулпукарова жана Т.Исрамловдун өз колу менен тапшырылды.
30.04.2019 636 Кесиптик бирлик региондордоСад будущего
Педагогический коллектив средней общеобразовательной школы №6 города Каракол под руководством директора школы Масимова Таалайбека Кенешовича работает над проектом «Стратегии о развитии образования в 2012-2010 годах.» Педагоги работают творчески в темпе современных требований. В школе работает 82 учителя среди которых есть выпускники ВУЗов и Ветераны труда. Всех нас объединяет любовь к детям, мастерство преподавания, толерантность, общественная активность.
26.04.2019 562 Кесиптик бирлик региондордоБакыт кучагындагы балдар уясы
2019-жылдын 17-апрель күнү Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагына караштуу № 22 “Гүлкайыр” балдар бакчасынын жаңы кошумча корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Бакчанын жаңы корпусу 55 орундуу 2 тайпага ылайыкташтырылган. Бакчанын кошумча корпусу ушул бакчада көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн балдарга арнаган, баатыр энелерибиздин бири Алиева Мээринса эненин уулу патриот агабыз Алиев Момунжан Анаркуловичтин жеке каражаты менен курулуп, балдар үчүн белек катары берилди. Корпустун курулушуна жалпысынан 6 000 000 сом каражат жумшалган.
26.04.2019 626 Кесиптик бирлик региондордоБаткен шаарында “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү
Баткен шаарында Баткен шаарынын мэриясынын материалдык жактан колдоосу менен шаардык профсоюз уюму менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү. Кароо-сынактын 1-туру Кызыл-Жол орто мектебинин базасында, ал эми 2-туру В.И.Ленин орто мектебинде өткөрүлдү.
26.04.2019 649 Кесиптик бирлик региондордо«Учитель года - 2019»
В Ысык-Атинском районе Чуйской области завершился ежегодный традиционный конкурс «Учитель года - 2019». Основной целью которого является поощрение и поддержка передовых учителей школ, повышение престижа учителя, выявление талантливых педагогов, распространение их педагогического опыта, помощь в профессиональном развитии. Конкурс проходил на базе Ивановской школы гимназии им.Ч.Айтматова с 17-19 апреля 2019 года.
26.04.2019 1240 Маалыматтык бюллетеньНоокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталды
Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2019” кароо-сынагынын райондук туру 2019-жылдын 23-апрель күнү Масы айыл өкмөтүнө караштуу № 2 “Ак куу” балдар бакчасынын базасында болуп өттү. Кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 9 балдар бакчалардын тарбиячылары катышышты. Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер класс, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.
26.04.2019 689 Кесиптик бирлик региондордоД.Садырбаев билим алган мектепте
Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен билим берүү жана илим кызматкеринин Ноокен райондук комитети Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ЭЛ артысты, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевтин 80 жылдык юбилейина карата иш-чараларды системалуу өткөрүүшүүдө.
26.04.2019 765 Кесиптик бирлик региондордо