Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү

Баткен  шаарында   Баткен шаарынын мэриясынын  материалдык  жактан  колдоосу менен   шаардык  профсоюз уюму менен  түзүлгөн  үч тараптуу  макулдашууга  ылайык  “2019-жылдын  мугалими”  кароо-сынагы  өткөрүлдү.  Кароо-сынактын  1-туру  Кызыл-Жол  орто мектебинин  базасында, ал эми 2-туру  В.И.Ленин  орто мектебинде  өткөрүлдү. 

Сынактын  катышуучулары  заман талабына  ылайык  мыкты  сабактарды  көрсөтүшүп, калыстардын  купулуна толуп, өтүлгөн  сабактар  максатына  жетти.

Сынактын  жыйынтыгында 1 –орунду  Баткен гимназия мектебинин мугалими  Абдисаттарова Токтокан ээледи, ал эми  2-орунду  Ж.Боконбаев атындагы  орто мектебинин мугалими  Асан кызы Гүлзат, 3-орунду  В.И.Ленин орто мектебинин  мугалими  Исакова Назиралар    камсыз  кылышты.

Кароо-сынакта  байгелүү орундарды  камсыз  кылган  мугалимдерге  тийиштүү даражадагы дипломдор жана төмөнкүдөй баалуу белектер берилди: 1-орунга  автомат кир жуугуч машина, 2-орунга  сенсордук түстүү телевизор, 3-орунга  микроволновка,  ал эми  калган  конкурсанттарга  чон соргуч, мультиварка  сыяктуу  белектер  Баткен  шаардык  профсоюз уюму тарабынан  берилди.

Абдисаттарова Токтокан кароо-сынактын  областтык туруна  катышууга жолдомо  алды. Белгилеп  кетүүчү нерсе  жыл сайын Баткен шаарынын  мугалимдери  сынактын областтык  турунда байгелүү орундарды  камсыз  кылышат.

 

Материалды даярдаган:

Калыкова Мактым