Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бакыт кучагындагы балдар уясы

2019-жылдын 17-апрель күнү Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагына караштуу  № 22 “Гүлкайыр” балдар бакчасынын жаңы кошумча корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. 

Бакчанын жаңы корпусу 55 орундуу 2 тайпага ылайыкташтырылган. 

Бакчанын кошумча корпусу ушул бакчада көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн балдарга арнаган, баатыр энелерибиздин бири Алиева Мээринса эненин уулу патриот агабыз Алиев Момунжан Анаркуловичтин жеке каражаты менен курулуп, балдар үчүн белек катары берилди. Корпустун курулушуна жалпысынан 6 000 000 сом каражат жумшалган.

Ачылыш аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Ы.Ызабеков, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары М.Тойчиев, Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы  Ж.Сейитова жана айылдын тургундары  катышышты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов М.Алиевге ыраазычылык билдиришип, билим берүүдө кошкон салымы үчүн “Ноокен районунун билим берүүнүн ардагери ” төш белгиси менен сыйлашты.

Салтанат бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

 

  №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын

башчысы Ф. Аджибекова