Усулдук күн Таш-Көмүр шаарында өткөрүлдү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад обкомунун иш планыныа ылайык 2019-жылдын 18-апрелинде Таш-Көмүр шаардык комитетине обкомдун инспектору А.Айдаров тарабынан усулдук жардам берилди. Усулдук күндө шаардык комитеттин төрайымы Элмира Жаркынбековна Эгизалиевага номеклатуралык иш кагаздарды жүргүзүү, пленум, президиум материалдарын даярдоо, баштапкы профсоюздук уюмдар үчүн семинарларды өткөрүү, айлык акылар боюнча борборлоштурулган бухгалтерия менен иштоо,маалыматтарды электрондук алмашуу, кайрылуулар жана арыздар менен индивидуал иштоо боюнча маалыматтар берилди.
19.04.2019 657 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз комитеттеринин финансылык иш кагаздары боюнча окутуу семинары
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 18-апрель күнү Баткен областындагы райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, эсепчилеринин катышуусунда «Райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин финансылык иш кагаздары жөнүндө” деген темада областтык окутуу семинары Баткен шаарында болуп өттү.
19.04.2019 695 Кесиптик бирлик региондордо“Социалдык өнөктөштүк” семинар-тренинг
2019-жылдын 18-апрелинде Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан башталгыч профсоюз комитеттери үчүн Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашыруу максатында Чүй районундагы балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда “Социалдык өнөктөштүк” темасында семинар-тренинг уюштурулду. Семинар-тренингде тренерлер Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин профкому Жунушалиева
19.04.2019 826 Маалыматтык бюллетень«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2019» кароо сынагы
“2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата 15-16 – апрелде Сүлүктү шаарында шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мекеме уюмдарынын мугалимдеринин арасында “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо-сынагы болуп өттү. Кароо-сынак усулкаана тарабынан иштелип чыккан предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөөдөн, мугалимдин педагогикалык лабораториясы саналган портфолиосу, маалымат-каражат технологиялары менен иштөө, иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо жана мугалимдин кызыгуусу деп аталган 7 этаптан турду. Сынакка жалпы 7 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы баш болгон билим берүү бөлүмүнүн усулкаана кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы жана жалпы билим берүүчү мектептеринин алдыңкы мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.
18.04.2019 2291 Кесиптик бирлик региондордо«Жибек жолу» интерактивдик көргөзмөсү
2019-ж. 5-нен 28-ге апрелге чейин Бишкек шаарында Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» аттуу интерактивдик көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөнүн негизги максаты - байыркы Жибек жолунун тарыхтагы орду, учурдагы мааниси жана Жибек жолу өткөн өлкөлөр, улуттар аралык достукту бекемдөө, кызматташтыкты чындоо. Кыргызстан – Жибек жолу өткөн мамлекет, тарыхка таянсак байыркы кербендер Ош, Ɵзгөн, Баласагын, Суяб, Барскоон, Ат-Башы, Тоң ж.б. жерлерден өткөн. Көргөзмөдө Казакстан, Түркия, Кытай, Монголия, Жапон, Түркмөн, Түштүк Корея, Иран, Индия ж.б. элчиликтер катышууда.
18.04.2019 722 Маалыматтык бюллетеньМектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чаралары боюнча маселе каралды
2019-жылдын 17-апрель күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум кенешмесине К.Нышанов, З.Усенов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
18.04.2019 542 Кесиптик бирлик региондордо“Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019”
Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын арасында 2019-жылдын 10-март күнү “Жылдын мыкты тарбиячысы- 2019” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Райондук тур Исфана шаар мэриясына караштуу Самат айылынын “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна, социалдык тармактын башкы адиси Жамилов Абдулхак Момунович, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтердин катышуусунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген жобого ылайык өткөрүлдү.
18.04.2019 921 Кесиптик бирлик региондордоСеминар: «Охрана труда»
11 апреля 2019 года в Ысык-Атинском районе на базе Кантской средней школы-гимназии № 4 состоялся обучающий семинар-тренинг для председателей профсоюзных комитетов образовательных организаций на тему «Охрана труда». Перед началом семинара председатель райкома профсоюза работников образования и науки Бактыгуль Тыныбекова для мотивации председателей ПК на участие в ежегодных конкурсах, объявленных ЦК профсоюзом работников образования и науки Кыргызской Республики вручила Абдыкеримовой Ж.К., председателю Ивановской ШГ №1 им.Ч.Айтматова диплом и планшет, как номинанту республиканского конкурса по итогам 2018 года.
16.04.2019 741 Маалыматтык бюллетеньМаалымат каражаттарынын жогорку баасы
Борбордук Комитеттин «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык комитетеринин социалдык натыйжалуулуктары” кароо-сынагында “ профсоюздун кадыр-баркын ... профсоюз уюмдарында маалымат иштерин күчөтүү аркылуу бекемдоо” милдети өзгөчө белгиленген. Жалал-Абад облусунун райшааркомдору бул иштерди борбордук, республикалык, жергиликтүү маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта уюштурууда.
16.04.2019 570 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси
2019-жылдын 4-апрель күнү Исфана шаарындагы А.Маткаримов атындагы №4-жатак гимназиясында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана 67 мектептин директорлору, 49 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышышты.
16.04.2019 580 Кесиптик бирлик региондордоИйгилик артынан ийгилик
2019-жылдын 12-апрель күнү Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Ж. Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов, ардагер мугалимдер, айылдын аксакалдары жана балдар катышышты. Кичи футбол аянтчасынын жалпы сметалык суммасы 800 000 сомду түзөт. Мектепте окуп жана тарбияланып жаткан окуучулар спорттун кичи футбол түрү менен машыгуусуна шарт түзулдү.
16.04.2019 578 Кесиптик бирлик региондордо