Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси

2019-жылдын 4-апрель күнү Исфана шаарындагы А.Маткаримов атындагы №4-жатак гимназиясында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү.

Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана 67 мектептин директорлору, 49 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышышты.

Күн тартибинде “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына байланыштуу маселелер, көрктөндүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер, республикалык олимпиаданын жыйынтыгы, негизги тест боюнча маалымат берүү маселелери каралып, учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу талкуу жүрдү.

Бала бакчаларды интернетке туташтыруу, учурдагы оңдоп түзөө иштери, көйгөйлөрү, Баткен шаарында 11-13-апрель күндөрү өтө турган фестиваль форумга бара турган катышуучуларга маалымат берип, тизмесин тактоо маселелери да каралды.

Ошондой эле, катышуучулар жыл сайын өтө турчу “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы”, “Мыкты мектеп” жана “Мыкты бала бакча” кароо-сынактарынын жоболору менен тааныша алышты.

 

Материалды даярдаган: М.Сагалиева