Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2019» кароо сынагы

“2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата 15-16 – апрелде Сүлүктү шаарында шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мекеме уюмдарынын мугалимдеринин арасында “Жылдын мыкты  мугалими-2019” кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынак усулкаана тарабынан иштелип чыккан предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөөдөн, мугалимдин педагогикалык лабораториясы саналган портфолиосу, маалымат-каражат технологиялары менен иштөө, иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо жана мугалимдин кызыгуусу деп аталган 7 этаптан турду.

Сынакка жалпы 7 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы баш болгон билим берүү бөлүмүнүн усулкаана кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү  шаардык комитетинин төрагасы жана жалпы билим берүүчү мектептеринин алдыңкы мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.

Кароо-сынак өткөрүүнүн негизги максаты: чыгармачылык менен эмгектенген  мугалимдерди колдоо, аларга дем-шык (стимул) берүү, тажрыйбасын башка мугалимдерге жайылтуу жана аларга материалдык колдоо көрсөтүү болду.

Кароо-сынактын Жобосу мектептерге алдын ала таркатылып, Жобонун негизинде өткөрүлдү. Кароо-сынактын жыйынтыгында бардык көрсөткүчтөр боюнча эң мыкты натыйжаларды көрсөткөн мугалимдер жеңүүчү болушту:

  1. Гран-Приге - №9 Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класс мугалаими Муртазали кызы Айсырга,
  2. 1-орунга - №1 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими ,
  3. 2-орунга - №5 Т.Рустамов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Кульчиева Максатай,
  4. 3-орунга - №4 Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Турдыева Бүүмайрамдар ээ болушуп, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинин баалуу белектерине ээ болушту.

Ал эми калган катышуучуларга да “Талантуу мугалим”,  “Чыгармачыл реформатор мугалим”, “Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалим”, наамдары  ыйгарылып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланышты.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

бирлигинин Сүлүктү  шаардык комитетинин маалымат кызматы