Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019”

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын арасында  2019-жылдын 10-март күнү “Жылдын мыкты тарбиячысы- 2019” кароо-сынагынын  райондук туру болуп өттү. Райондук тур Исфана шаар мэриясына караштуу Самат айылынын “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна, социалдык тармактын башкы адиси Жамилов Абдулхак Момунович, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтердин  катышуусунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген  жобого ылайык өткөрүлдү.

Сынактын максаты мектепке чейинки билим берүү деңгээлинин потенциалын кеңейтүү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу, мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен эмгектенген тарбиячыларды эмгекке шыктандыруу, кесипке болгон кызыгуусу үчүн аларга жеткиликтүү шарттарды түзүү, тарбиячылардын чыгармачылык деңгээлин көтөрүү, коомчулуктун арасында тарбиячылардын кадыр баркын, мындан аркы кесиптик чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Ал эми,  шарттары зачеттук тур, сабак өтүү, тарбиячынын педагогикалык концепциясы, педагогика, психология боюнча тест, жомоктогу каармандардын образдарын ачып берүү, чыгармачылык өнөөрү ар кандай кырдаалдан чыга билүүсү, көрсөтмө даярдоо бөлүктөрүнөн туруп, ар тараптуу критерийлер менен бааланды.

Ар бир катышуучу өзүнүн мыкты жактарын көрсөтүп, сабак өтүүдө балдарды гана эмес  көрүүчүлөрдү да кызыктырып, өзүлөрүнүн кесиптик деңгээлин көрсөтө алышты.

Буга чейин райондук турга жолдомо алган 3 тарбиячы  “Шумкар” балдар бакчасынын тарбиячысы Марипова Тотугүл, “Тынчтык” балдар бакчасынын тарбиячысы Казакбаева Гүлбарчын, “Акжолтой” балдар бакчасынын тарбиячысы Максытова Абида ат салышып, жыйынтыгында Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын “Акжолтой” балдар бакчасынын тарбиячысы Максытова Абида жеңүүчү деп аталып райондук  профсоюз комитети тарабынан баардык катышуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле, жеңүүчүгө жана катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациянын “Ардак грамотасы”, “ыраазычылык каты”, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамоталары” тапшырылды. 

 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева