Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз комитеттеринин финансылык иш кагаздары боюнча окутуу семинары

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 18-апрель күнү Баткен областындагы райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, эсепчилеринин катышуусунда «Райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин финансылык иш кагаздары жөнүндө” деген темада областтык окутуу семинары  Баткен шаарында болуп өттү.

Семинарга билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова жана Борбордук комитеттин адиси Г.Абдирашитовалар катышып финансылык иш кагаздар боюнча  түшүндүрүмө беришти. Андан сырткары областтык комитеттин башкы эсепчиси Ш.Эсенова, Кадамжай райондук профсоюз комитетинин эсепчиси У.Казыканова, Лейлек райондук профсоюз комитетинин эсепчиси Ш.Тыныбеков жана Баткен райондук профсоюз комитетинин эсепчиси Ү.Тажибаевдер финансы иштер боюнча доклад жасашты.

Семинар финансы боюнча айрым көйгөйлүү маселелер боюнча суроо, жооп талкуу менен аяктады.

 

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис   

К .Акимов