Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн Таш-Көмүр шаарында өткөрүлдү

Билим   берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Жалал-Абад   обкомунун  иш  планыныа  ылайык  2019-жылдын   18-апрелинде  Таш-Көмүр  шаардык  комитетине  обкомдун  инспектору  А.Айдаров  тарабынан   усулдук  жардам  берилди.

Усулдук  күндө  шаардык комитеттин  төрайымы  Элмира  Жаркынбековна Эгизалиевага  номеклатуралык  иш  кагаздарды  жүргүзүү, пленум, президиум   материалдарын  даярдоо, баштапкы  профсоюздук  уюмдар  үчүн   семинарларды  өткөрүү, айлык  акылар боюнча  борборлоштурулган  бухгалтерия  менен  иштоо,маалыматтарды электрондук  алмашуу, кайрылуулар  жана арыздар  менен  индивидуал  иштоо  боюнча маалыматтар  берилди.

Кыргыз  Республикасынын билим  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин демилгелүү  тобунун мүчөсү,    Таш-Көмүр  шаарындагы  №3 “Байчечекей”  бакчасынын  директору Үтүрбаева  Марияхан Төлөгөнөвна , обкомдун  инспектору А.Айдаров, шааркомдун төрайымы Э.Эгизалиева болуп  профсоюз  мүчөлөрдүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча укуктарын  коргоонун  биргелешкен  иш  аракеттери  тууралуу  пикир  алмашуулар, ой-пикирлер, сунуштар талкууланды.

Талкууда усулдук күндөрдү профсоюз  ишмердүүлүгүнө жакшы көмөк  болуп  жаткандыгын белгилешти.   

  

 

                                                         Материалды  даярдаган:

Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.