Ырыстай эжейим менен сыймыктанам
Сиздерге мектепте мени окуткан эжейим тууралуу пикиримди Борбордук Комитеттин сайтына жарыялайт деген жакшы тилегим менен жиберип олтурам. Эжейим мага Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жайгашкан Манас орто мектебинде окуган кезимде чет тилден сабак берген, дүйнө таанымын татыткан, келечек жолумду ачкан, турмуш сабагын үйрөткөн. Мен азыр эжекемдин жолун жолдоп, келечек муундарды тарбыялоо тармагында эмгектенип жаткандыгыма абдан сыймыктанам, мында да эжемдин зор таасири бар деп айта алам. Анда урматтуу окурмандар, мен кеп кылайын деген эжекемдин аты-жөнү-Ырыстай Максүтовна Абдыжапарова.
22.03.2019 1136 2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Маалымат каражаттары – профсоюз ишмердүүлүгүнүн күзгүсү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 6-съездинин жана кезектеги Пленумдарынын токтомдорунда профсоюздук ишмердүүлүктү чагылтырууну жакшыртуу максатында массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштоону тармактык обкомдорго, райшаардык комитеттерге жана баштапкы уюмдарга милдеттендирилген.
22.03.2019 698 Кесиптик бирлик региондордоКут толгон Нооруз майрамы!
Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамын чоң шаан-шөкөт менен майрамдашып келген. Бул кунү кыргыздар арча түтөтушүп, үй ичин, короолорун ар кандай жаман нерселерден аластап тазалашкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы каалоолорун айтышып, белектерди тартуулашкан. Таарынышып жүргондөр болсо ушу күнү бири-бирин кечиришип, жакшы ой-тилектерин арнашкан. Бул майрам бир гана Кыргызстанда эмес Орто Азияда жана Чыгышта бир нече мамлекеттерде белгилешет. Күн менен түн теңелген күн ыйык деп эсептелинип, жаңы жылдын келишин билдирген.
22.03.2019 962 Кесиптик бирлик региондордо«Нооруз» майрамына арналган ретро ыр сынагы
Бүтүндөй түрк элдери даңазалап, даңктап келген Улустун улуу күнү «Нооруз» майрамынын урматына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайында майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде белгиленди. Салт болуп калгандай түнү менен сүмөлөк кайнатылып ректор Төлөбек Абдырахманов, университеттин кадырлуу аксакалы Топчубек Тургуналиев жана профсоюздук-окутуучулар жамааты майрамдык салтанаттын шаңын баштап беришти. Элибиздин нарктуулугун, маданиятка бай байыркы эл экендигин даңктаган ордо, күрөш, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар окуу жайдын алдындагы аянтта ойнотулуп, жеңүүчүлөргө аламан байгелер ыйгарылды. Бир ай мурун жарыяланган факультеттер аралык «Ретро ырлар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүн ошол сынак концерттик программа менен коштолуп, ар бир факультет 70-80-90-жылдарда атагы жаш жарган чыгармалардан аткарып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтө алышты.
22.03.2019 765 Маалыматтык бюллетень“Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болу өттү
2019-жылдын 17-мартында Кадамжай шаарынын маданият сарайында “Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болуп өттү. Конкурска Кадамжай районунун 18 мектебинен окуучулары АКШ ырчыларынын, музыканттарынын жана композиторлорунун ырларын аткрышты. Он конкурсант финалдык турга тандалып алынды. Жюрилер курамы төмөнкүлөр К.Галмаматова Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти. Жон Амос Поликарпе “Чек арасыз докторлор” Эл аралык уюмунун доктору. Г.Кадырова “Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртууга коомчулукту тартуу” проектисинин консультанты. Финалдык турга тандалып алынган 10 конкурсант окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белек берилди.
22.03.2019 524 Кесиптик бирлик региондордоКГУСТА им. Н.Исанова прошел День открытых дверей
16 марта 2019 года В КГУСТА прошел День открытых дверей, мероприятие посетило более 200 школьников Бишкека и Аламединского района Чуйской области. Во время регистрации гостям были вручены буклеты и информационные листы университета. Мероприятие открыл Ректор КГУСТА профессор, доктор технических наук А.Абдыкалыков. В своем выступлении он коснулся истории создания вуза, рассказал о правоустанавливающих документах образовательной организации, о состоянии ее материально-технической базы, о педагогическом составе, о социальной поддержке студентов во время учебы и ответил на вопросы присутствующих. Затем выступили успешные выпускники и лучшие студенты КГУСТА. Далее гостей ждала концертная программа творческих коллективов ВУЗа, презентация институтов, экскурсия по университету. Школьники и гости посетили учебные классы, лаборатории. Активное участие в организации мероприятия принял Профком университета.
22.03.2019 841 Маалыматтык бюллетеньСузакта илимий конференция болуп өттү
Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Өлкөнү санариптештирүүдө, билим берүү системасынын өнүктүрүү иш аракеттеринин сапатын жогорулатууда аялдардын ролу” аттуу илимий конференция болуп өттү. Илимий конференцияга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.А.Омошев, акимдин орун басары Абибова Л.С. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев С.К. жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиевдер катышып, айымдардын майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин билдиришти.
22.03.2019 557 Кесиптик бирлик региондордоПоздравляем команду КГУСТА по женской борьбе за занятое 1 место Универсиады КР 2019 года
Команда КГУСТА по женской борьбе заняла 1 место в общекомандном зачете Универсиады КР 2019 года. Желаем членам команды и тренерам крепкого здоровья и дальнейших побед. Тренеры преподаватели кафедры «ФВ» Момунова Мээрим Калыбековна, Төрөгелдиева Зарема Есенкуловна.
22.03.2019 848 Маалыматтык бюллетеньСузак районундагы мектептерде Нооруз майрамы өткөрүлүүдө
Сузак районуна караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мектептерде өткөрүлүп жаткан иш-чараларда улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын жана мугалимдердин аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер болду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жасалышы кеңири айтылды.
22.03.2019 736 Кесиптик бирлик региондордоМастер-класс «Эффективное трудоустройство»
"Не всегда работодатели сами проявляют инициативу и чтобы быстрее найти работу нужно обратить на себя внимание. Как это можно сделать?"- С такого вопроса и начался мастер- класс "Эффективное трудоустройство" для студентов КГУСТА им Н Исанова, организованный Центром Маркетинга и Развития карьеры КГУСТА, Институтом экономики и менеджмента и сайтом по трудоустройству Job.kg.
22.03.2019 608 Маалыматтык бюллетеньЖ.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинде ачык эшиктер күнү болуп өттү
2019-жылдын 18-март күнү Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу тарбия комплексинде “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата ачык-эшиктер күнү болуп өттү. Иш чарада кыргыз тили, англис тили жана башталгыч класстардын ачык сабактары интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өтүлдү.
22.03.2019 588 Кесиптик бирлик региондордо