Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ийгилик артынан ийгилик

2019-жылдын 12-апрель күнү Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Ж. Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.                                                                                                                                       

Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.  Козуев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов, ардагер мугалимдер, айылдын аксакалдары жана балдар катышышты.

Кичи футбол аянтчасынын жалпы сметалык суммасы 800 000 сомду түзөт. Мектепте окуп жана тарбияланып жаткан окуучулар спорттун кичи футбол түрү менен машыгуусуна шарт түзулдү.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында дүйнөлүк олимпиадада ушул мектептин эки окуучу ийгилик менен кайтышкан.

 

Материалды даярдаган:

Ж. Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү

 (көмөкчү) жатак мектебинин профкому

М. Төрөбековас