Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2019” кароо-сынагынын райондук туру 2019-жылдын 23-апрель күнү Масы айыл өкмөтүнө караштуу № 2 “Ак куу” балдар бакчасынын базасында  болуп өттү.

Кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 9 балдар бакчалардын тарбиячылары катышышты.

Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер класс, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

Жыйынтыгында баш байгени №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын тарбиячысы Нуралиева Асылкан ээледи. Ал эми  I орунду №10 “Чынар” балдар бакчасынын тарбиячысы Кочкорова Нурила, II орун Жакыпова Нерсу (№12 “Акмарал” б.б.) жана III орун Акбуюкова Карима (№13 “Наргиз” б.б.) ээ болушту.

Калган катышуучулар: Мырзакулова Гулзада (№ 18 “Чабалекей” б.б.) -  “Мыкты сабак”, Баева Гульнура (№ 24 “Богот” б.б.) -“Мыкты көргөзмө курал”, Улмасова Якуткан (№5 “Белек” б.б. ) - “Мыкты мастер класс”, Мойдунова Мохидил (№30 “Бөбөк” б.б.) – мыкты портфолио, Маматкулова Арзыкан (№7 “Ак Тилек” б.б.) – чыгармачыл айым номинацияларын алышты.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин диплом жана Ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган

Ноокен рай КБКнын  тескөөчүсү

Т.Бакиров