Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек жааматы жана профсоюз.

Эмгек   жааматы   жана  профсоюз.

Биздин К.Раимбеков атындагы мектептин эмгек жамааты Эгемендүүлүк жылдарынан бери билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөсүбүз. Райондук, областтык жана республикалык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитеттери биздин укуктарыбызды, кызыкчылыктарыбызды ар тараптан коргоп, усулдук көрсөтмөлөрдү жана жардамдарды берип келет. Ошондой эле түрдүү иш - чараларды, кароо-сынактарды, спартакиаларды өткөрүү менен кызматкерлердин эс алууларын уюштурат.

 18.02.2014      1146       Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

Биз,Чон-Алай районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөлөрү акыркы мезгилдерде «Эркин профсоюздар конфедерациясын» түздүк деп жатышкан Н.Асанов менен Н.Дуйшонбеков деген атуулдардын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстан профсоюздар федерациясына,анын торагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин адресине курулай жалаа жаап, ар түрдүү дооматтарын айтып жаткандыгына тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз. Аталган атуулдар өз алдынча «Эркин профсоюздар» түзөбүз десенер профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып,өзүнөрдүн уставыңар менен иш жүргүзө бербейсиңерби?

 18.02.2014      1179       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжайда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кадамжайда жыл жыйынтыгы чыгарылды

2014-жылдын 12-февраль күнү Кадамжай районунун билим берүү профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган кенейтилген президиуму болду. Аталган кенейтилген президиумга Баткен областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков. Билим берүү кызматкерлеринин профсозунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков, акимдин орун басары Т.Илиязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев жана мектеп директорлору, мектептердин профсоюз комитетинин төрагалары, балдар бакчаларынын тарбиячылары катышышты.

 14.02.2014      1097       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу-семинар болду

Профсоюздук  окуу-семинар болду

Ош областтык билим, илим профсоюз комитети Өзгөн райондук, Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарын катыштырып, 12-февраль күнү Өзгон шаарында профсоюздук окуу-семинар өткөрдү. Окуу-семинарга 120 профсоюз лидерлери катышышты. ОПК тарабынан «2014-жыл баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатуу жылы» деп кабыл алынгандыгына байланыштуу окуу-семинардын планында укуктуулукту коргоо, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, жамааттык келишимдердин маани-маңызы жана анын аткарылышы , эмгек акынын нускамага ылайык туура эсептелинип берилиши, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жолокпулдардын туура эсептелинип жобого ылайык берилиши, баштапкы уюмдардагы документация иштери, туруктуу комиссиялардын иштоо тартиптери жөнүндө маселелер камтылды.

 14.02.2014      1082       Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте!»

            «Профсоюздун  күчү-ынтымак  жана  биримдикте!»

2014-жылдын 11-12-февраль күндөрдү Ноокен районунун 88 баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагалары менен семинар өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооптор Борбордук Комитетин сайтындагы материалдар менен берилди. Семинарда чыгып сүйлөгөндөр профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте экендигин белгилешип, ар бир профсоюздук лидер өзүнүн ишинде мыкты иштегенде гана кубаттуу чоӊ күч болорун белгилешти. З тараптуу, 2 тараптуу жана жамааттык келишимдердин аткарылышына жетишүүнү камсыздоо негизги милдеттер экендигине токтолушту.

 13.02.2014      1050       Кесиптик бирлик региондордо

Ош ОПКдагы кеӊешме

Ош ОПКдагы кеӊешме

Кеӊешмеге Ош ОПКга караган 5 жогорку окуу жайлардын бириккен профсоюз комитеттеринин төрагалары катышты. Күн тартиби боюнча окуу жайлардын профсоюз уюмдарынын уюштуруучулук иштери жөнүндө маселе каралды. Ал боюнча ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев сүйлөп, азыркы күндөгү профсоюз уюмдарынын жүргүзгөн жана алды да аткарыла турган иштери жөнүндө айтып, негизинен контракттык негизде окуп жаткан студенттерди мативациялоо иштерин аягына чыгаруу жана студенттик жаштардын жашоо шарттарына көӊүлдөрүн буруусуна, ден-соолуктарын чыӊдоодо ЖОЖдор аралык ОшМУнун профилакториясына бирдей шартта жайгаштырылуусун белгиледи.

 12.02.2014      1006       Кесиптик бирлик региондордо

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Профсоюз комитетинин Президиуму

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Профсоюз комитетинин  Президиуму

Күн тартибине ылайык Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Профсоюз комитетинин 2014 жыл үчүн иш планы, штаттык бирдиктери, сметасы бекитилди. Мамажакып уулу Чыӊгызбек өзгөчө 2-маселеге президиум мүчөлөрүн көӊүлүн бурду. Быйыл студент жаштардын кызыкчылыктарын коргоого, аларды (контрактык негизде окуган студенттерди) мотивациялоого өзгөчө көӊүл бурулуусу керектигин баса белгиледи. Бюджеттик негизде окуган студенттерди профкарточкалар жана профбилеттер менен толук камсыздоону профсоюз лидерлерине тапшырды.

 10.02.2014      1294       Кесиптик бирлик региондордо

Ош облустук профсоюздар Кеӊеши

Ош облустук профсоюздар Кеӊеши

Ош облустук профсоюздар Кеӊеши, тармактык профсоюздардын областтык комитеттеринин жана райшаарлардын профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарынын катышуусунда Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы А.Токтогулов менен 30-январь күнү жолугушуу болуп өттү.

 03.02.2014      1103       Кесиптик бирлик региондордо

Райондук профсоюз уюмунун жетекчилеринин семинары болуп өттү

Райондук профсоюз уюмунун жетекчилеринин семинары болуп өттү

15-январда Сейдана Молдокеева атындагы Манас орто мектебинде райондук профсоюз уюмунун жетекчилеринин катышуусу менен “Мектеп жамаатындагы жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруудагы профсоюз уюмунун ролун жана көйгөйлөрүн аныктоо” аттуу семинар болуп өттү. Семинардын катышуучулары топторго бөлүнүп, практикалык иштөө менен өткөрүлдү.

 28.01.2014      1316       Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде “Мыкты кесип ээлери” кимдер болду?

Баткенде “Мыкты кесип ээлери” кимдер болду?

Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан облустун билим берүү мекемелеринде 2013-жыл-иштерман жылына карата уюштурулган “Мыкты кесип ээлери” кароо-сынактарынын жыйынтыгы чыгарылды.

 23.01.2014      1215       Кесиптик бирлик региондордо

Чек арадагы эмгектенген билим берүү кызматкерлеринен кабар алынды.

Чек арадагы эмгектенген билим берүү кызматкерлеринен кабар алынды.

Aймактагы чек арада жайгашкан 17 билим берүү мекемелеринде(11 мектеп,6 бала бакча) эмгектенген 477 мугалимдерге жана тарбиячыларга билим берүүнун областтык профсоюз комитети тарабынан 31005 сом, Баткен райондук профсоюз комитети тарабынан 23850 сом, Кадамжай райондук профсоюз комитети тарабынан 15000 сом, Кызыл-Кыя , Сулукту шаардык профсоюз комитети тарабынан 6000 сом, Баткен шаардык профсоюз комитети тарабынан 5000 сом, жалпы 80855 сом акчалай жардамдар 2014-жылдын 22-январында эмгек жамаатарына барып жолугушуп тапшырылды

 23.01.2014      1098       Кесиптик бирлик региондордо