Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжайда жыл жыйынтыгы чыгарылды

2014-жылдын 12-февраль күнү Кадамжай районунун билим берүү профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган кенейтилген президиуму болду. Аталган кенейтилген президиумга Баткен областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков. Билим берүү кызматкерлеринин профсозунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков, акимдин орун басары Т.Илиязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев жана мектеп директорлору, мектептердин профсоюз комитетинин төрагалары, балдар бакчаларынын тарбиячылары катышышты.

         Райондук комитеттин төрагасы А.Нурмаматов 2013-жылда аткарган иштери боюнча маалымат берип, профсоюздун коомдогу ролу боюнча маалымат берилди. Ошондой эле иштерман жылынын алкагында өткөрүлгөн “Мыкты кесип ээлери”  кароо сынагынын жыйынтыгына токтолду.

         Жыйынтыгында кароо-сынактын женүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 

Билим беруу кызматкерлеринин профсоюзунун

Баткен областтык комитетинин төрагасы                              З.Ботоков