Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош ОПКдагы кеӊешме

 

Кеӊешмеге Ош ОПКга караган 5 жогорку окуу жайлардын бириккен профсоюз комитеттеринин төрагалары катышты. Күн тартиби боюнча окуу жайлардын профсоюз уюмдарынын уюштуруучулук иштери жөнүндө маселе каралды. Ал боюнча ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев сүйлөп, азыркы күндөгү профсоюз уюмдарынын жүргүзгөн жана алды да аткарыла турган иштери жөнүндө айтып, негизинен контракттык негизде окуп жаткан студенттерди мативациялоо иштерин аягына чыгаруу жана студенттик жаштардын жашоо шарттарына көӊүлдөрүн буруусуна, ден-соолуктарын чыӊдоодо ЖОЖдор аралык ОшМУнун профилакториясына бирдей шартта жайгаштырылуусун белгиледи. Кеӊешмеде өздөрүн « эркин профсоюздар конфедерациясы  » деп  жарыялашкан, эл арасында туура  эмес кептер жана иштер менен алектенген  уюм боюнча да талкуу болуп, профсоюз мүчөлөрү арасында туура маалымат жеткирүү жөнүндө токтолду.