Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чек арадагы эмгектенген билим берүү кызматкерлеринен кабар алынды.

Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков, Билим берүү профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Заитов, Баткен райондук профсоюз комитетинин торагасы Т.Жумаевдерден турган топ Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарындагы чек арада жайгашкан билим берүү мекемелеринде эмгектенген педагогикалык жааматтарга моралдык  жана аз болсо да материалдык жардам колдоо максатында, Билим берүү кызматкелеринин профсоюзунун Баткен областтык жана райондук, шаардык комитеттери тарабынан болунгон акчалай жардамдарды тапшырышты.

         Аталган аймактагы чек арада жайгашкан  17 билим берүү мекемелеринде(11 мектеп,6 бала бакча) эмгектенген 477 мугалимдерге жана тарбиячыларга билим берүүнун областтык профсоюз комитети  тарабынан 31005 сом, Баткен райондук профсоюз комитети тарабынан 23850 сом, Кадамжай райондук профсоюз комитети тарабынан 15000 сом, Кызыл-Кыя , Сулукту шаардык профсоюз комитети тарабынан 6000 сом, Баткен шаардык профсоюз комитети тарабынан 5000 сом, жалпы 80855 сом акчалай жардамдар 2014-жылдын 22-январында эмгек жамаатарына барып жолугушуп тапшырылды.

 

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык комитетинин

төрагасы                                                                               З.Бөтөков