Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде “Мыкты кесип ээлери” кимдер болду?

Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен  областтык комитети тарабынан облустун билим берүү мекемелеринде 2013-жыл-иштерман жылына карата уюштурулган “Мыкты кесип ээлери” кароо-сынактарынын жыйынтыгы чыгарылды.

Областтык комитеттин президиумунун күн тартибинде 2013-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2014-жыл үчүн иш планын бекитүү жана “2013-жыл иштерман жылына” карата өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары жөнүндөгү маселелер каралды.

Жыйынтыгында үчүнчү маселе боюнча “Жылдын мыкты иш берүүчүсү” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орун Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Айгүл Алдашевага ыйгарылып, 1-даражадагы диплом жана жылма экрандуу сыналгы менен сыйланды. 2-орун Кадамжай районундагы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин директору Абдикаар Суюновго ыйгарылып, 2-даражадагы диплом жана жартылай жылма экрандуу сыналгы менен сыйланды. 3-орунду Сүлүктү шаарындагы № 4 Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин директору Нургүл Ырысовага жана Лейлек районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору Рахматулло Искандаровго ыйгарылып, 3-даражадагы диплом жана ар бири кичи толкундуу печка менен сыйланышты.

Ал эми облустук “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын жыйынтыгында 1-орун Кадамжай районунун Б.Айтматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Байзакова Гүлмамага ыйгарылып, 1-даражадагы диплом жана жылма экрандуу сыналгы менен сыйланса, 2-орунга Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими С.Рахматовага ыйгарылып, 2-даражадагы диплом жана жартылай жылма экрандуу сыналгы менен сыйланды. 3-орунду Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы № 7 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Кудайбердиева Айнурага жана Кызыл-Кыя шаарындагы № 1 Д.Карбышев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Калданова Разияга ыйгарылып, 3-даражадагы диплом жана ар бири кичи толкундуу печка менен сыйланышты.

Облустук “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынактарынын жыйынтыгында 1-орун Баткен шаарындагы “Өрүкзар” балдар бакчасынын музыкалык тарбиячысы Султанова Гүлмира 1-даражадагы диплом жана жартылай жылма экрандуу сыналгы менен сыйланды. 2-орун Кызыл-Кыя шаарындагы № 22 “Ласточка” балдар бакчасынын тарбиячысы Сыдыкова Гүлнара 2-даражадагы диплом жана тефафорд менен сыйланса, 3-орун Баткен районундагы “Актилек” балдар бакчасынын тарбиячысы А.Усманова 3-даражадагы диплом жана тефафорд менен сыйланды.


 

Гүлчехра Тажибаева, Баткен облусу