ОшТУда 2014-жылдын мыкты сулуусу тандалды
ОшТУнун профсоюз уюмунун төрагасы Азизбек Арзыматов жалпы конкурска катышкан кыздарга жайкы каникул мезгилинде Арсланбап эс алуучу жайына жолдомо берилерине убада кылды. Эске салсак ОшТУнун профсоюз уюму былтыркы жылы дагы катышуучу кыздарга жана окуу жайдын алдынкы студенттерине Арсланбап эс алуу жайына жолдомо берип, анда 25 студент эс алып келишкен.
14.04.2014 1905 Кесиптик бирлик региондордо9- класстардын 200 дөн ашуун окуучуларынын катышуусунда предметтик райондук олимпиада
“ Биз 10-11-класстар арасындагы предметтик олимпиадада район аймагынан 36 окуучу барган болсо, алардын ичинен 29 окуучу 1-2-3- орунду алып келишкен.Бирок окуучуларыбыз олимпиаданын Республикалык деңгээлде 1 гана окуучубуз 3- орунду алып келди. Бул да болсо ийгилик, бирок биз күткөндөй жыйынтык болгон жок. Андыктан биз предметтик олимпиадага бүгүнтөн тартып даярдануубуз зарыл ” деди- райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы олимпиаданы ачып жатып. Олимпиаданын ачылышына райБББнын кызматкерлери, мугалимдердин райондук профсоюз комитетинин төрайымы Cонунбүбү Шанабаева жана мугалимдер катышты.
14.04.2014 1186 Кесиптик бирлик региондордоКара-Суу районунда «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо-сынагынын райондук этабы өткөрүлдү
Кара-Суу районунун мектептериндеги эмгектенип жаткан мугалимдердин арасынан эң мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн №12/3 буйругунун негизинде «Жылдын мыкты мугалими-2014» кароо-сынагы жобого ылайык 2014-жылдын 4-5-апрель күндөрү райондук этабы өткөрүлүп ага 17 айылдык округтардан жеңүүчү болгон 17 мугалимдер катышты.
10.04.2014 1108 Кесиптик бирлик региондордоОш ОПКнын Президиуму
Президиумда негизинен студенттик жаштардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана аларды мотивациялоо маселелери каралып, контракттык негиздеги студенттерди жыл аягына дейре мүчөлүккө кабыл алууну аяктоо чечими кабыл алынып, БПКнын токтомун жетекчиликке алып, ар бир окуу жай иш-чаара түзүп, анын үстүндө иш жүргүзүү окуу жайлардын бириккен профсоюз комитетинин төрагаларына тапшырылды.
10.04.2014 1069 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдин орду кандай болууга тийиш?
Бул суроого Баткен районунун Самаркандек айылындагы С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия мектебинде « Педагогикалык кызматкерлердин жумушчу ордун түзүү – ага камкордук көрүүнүн башкы шарттарынын бири» деген темада болгон семинардын катышуучулары жооп издешип, талкуулашты. Семинар мугалимдин педагогикалык жумушчу ордун түзүү, ыңгайлуу пайдалануу боюнча жетекчилик иштерин активдештирүү максатында
08.04.2014 2609 Кесиптик бирлик региондордоБиз профсоюз комитетинин ар бир мүчөсүнүн социалдык жана жарандык укугун коргоону билишибиз керек
Бул билим берүү мекемелеринин райондук профсоюз комитетинин жүргүзүп жаткан ишинин натыйжасында, бала-бакчалардын, мектептердин техперсоналдары дагы 2013-жылы райондук профсоюз комитетине мүчөлүккө өз ыктыялары жана демөөрчүлүгү менен өтүшкөн. «Сиздер көз карандысыз эң күчтүү орган болушуңуздар керек, ал үчүн сиздер өз укугуңуздарды, кызматкерлердин укуктарын, билим берүү, мектепке чейинки билим берүү мыйзамдарын, эмгек кодекстерин мыкты өздөштүрүүңүздөр керек. Анткени, Профсоюз уюму эң гумандуу уюм болуусу керек.
08.04.2014 983 Кесиптик бирлик региондордоМектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун арасында өткөрүлүүчү чыгармачылык таймаш
2014-жылдын 5-апрелинде Ала-Бука районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “2014-жыл Кыргыз Республикасында мамлекеттүүлүктү бекемдөө”. Кыргыз Респупликасынын Билим,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Б.К. “жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар “ жылына карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик билимин жогорулатуу, иш тажрыйбаларын жайылтуу, чыгармачылык таланттарын көрсөтүү менен мамлекеттик маданиятты көтөрүү, улуттук каада-салттарды жандандыруу, ынтымакты, достукту чыңдоо, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, профсоюзда жаштардын ишмеррдүүлүгүн өстүрүү гүлдөп өсүшүнө кам көрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун арасында “Тапкычтар, шайырлар, таланттуулар” таймашы өткөрүлдү.
08.04.2014 1151 Кесиптик бирлик региондордоНоокат райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин бүгүнкү күндө 5500 мүчөсү бар, деп билдирди профсоюздар комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева. Анын айтымында, эгерде 2012-жылы сентябрь айында аталган комиттетте 4150 мүчө катталган болсо, 2013-жылдын сентябрь айында алардын саны 5500 адамга жеткен. «Көрсөткүчтүн мындай жогорулашына район аймагындагы бала-бакчалардын мугалимдери, кызматкерлери жана техника кызматкерлери, ошондой эле мектептердин дагы техника кызматкерлери өз ыктыярлары менен мүчөлүккө өтүүсү себеп болгон. Буга чейин техкызматкерлер айыл өкмөттөрдүн профсоюз комитетине мүчө болуп турушкан эле. Катталган 5500 профсоюз мүчөсүнүн 4700 аялдар болсо, 1800 мүчөсү 35 жашка чейинки жаштар түзөт
08.04.2014 1115 Кесиптик бирлик региондордоМетодикалык жардам берүүнүн айлыгынын жыйынтыктары жөнүндө
Март айындагы методикалык айлыктын алкагында Майлуу-Суу, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Көк-Жаӊгак райондук, шаардык комитеттеринде жардам берүү уюштурулду. Аталган райшааркомдордо райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Г.Карашова, Б.Садыков, Т.Усенов, РК төрагасы А.Исмаилов, Э.Мурзахмедовалар катышышты.
01.04.2014 1102 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-тарбиячылардын көйгөйүн чечүүгө аракеттер көрүлүүдө
Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитети тарабынан укуктарын коргоо максатында төмөндөгүдөй иштер аткарылып жатат.. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин № 185 беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 токтомунун негизинде 2013-жыл үчүн мектеп, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринин өз билимин өркүндөтүү боюнча курстарга барып келген сапар чыгымдарын үч тараптуу келишимдин негизинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан төлөп берилиши керек.
01.04.2014 1075 Кесиптик бирлик региондордо“Баланын укугун коргоо максатында ” атайын рейд уюштурулду.
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен, мектеп окуучуларынын каникул ичиндеги кыймылына көз салуу максатында атайын рейд уюштурулууда. Бул туурасында Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнмүнүн башчысы Муктар Маматалиев билдирди. «Анткени, баланын каникул ичиндеги убактысын оор жумуштарга эмес, ар кандай маданий иш-чараларга катышууга багыттоо керек. Кээ бир ата-энелер балдарын ар кандай акча табуучу жумуштарга иштетүүсүнө жол берүүдө. Буга каршы туруп, мектептерде ар кандай маданий массалык - иш-чараларды уюштурууну колго алуу зарыл. Бала өзүнүн балалык доорун татыктуу өткөрүүгө укуктуу», - деди бөлүм башчы иш-чаранын жүрүшүндө.
01.04.2014 1156 Кесиптик бирлик региондордо