Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз профсоюз комитетинин ар бир мүчөсүнүн социалдык жана жарандык укугун коргоону билишибиз керек

 

Биз профсоюз комитетинин ар бир мүчөсүнүн социалдык жана жарандык укугун коргоону билишибиз керек, деп билдирди комитеттин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева бала-бакчалардын профсоюз уюмдарынын төрага төрайымдары менен өткөн семинарда. Аталган семинар бүгүн Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн ресурстук борборунда болуп, ага район аймагындагы бала бакчалардын профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары катышты. Семинарды уюштуруунун максаты - жаңыдан түзүлүп жаткан бала бакчалардын профкомдоруна, алардын укуктары, милдеттери, иш планды түзүү, иш кагаздарды уюштуруу жана жүгүртүү боюнча атайын сүрөттөрдүн жардамы менен маалымат берди. Төрайымдын маалыматы боюнча, 2012-жылы РПКнын мүчөлөрү 4150 адам болсо, 2013-жылы 5500гө жетти. Бул билим берүү мекемелеринин райондук профсоюз комитетинин жүргүзүп жаткан ишинин натыйжасында, бала-бакчалардын, мектептердин техперсоналдары дагы 2013-жылы райондук профсоюз комитетине мүчөлүккө өз ыктыялары жана демөөрчүлүгү менен өтүшкөн. «Сиздер көз карандысыз эң күчтүү орган болушуңуздар керек, ал үчүн сиздер өз укугуңуздарды, кызматкерлердин укуктарын, билим берүү, мектепке чейинки билим берүү мыйзамдарын, эмгек кодекстерин мыкты өздөштүрүүңүздөр керек. Анткени, Профсоюз уюму эң гумандуу уюм болуусу керек. Быйылкы жылы район аймагында 56 бала бакчасы иштеп жатат. Андыктан сиздерде ар бир кызматкердин үмүтүн актоо милдети турат», - деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев. Маалыматта кошумчалангандай, эми Эмгек кодексин жана эмгек акыны эсептөө боюнча семинарлар уюштурулмакчы.

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын басма-сөз катчысы:                                             Мамасадыков З. А