Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

9- класстардын 200 дөн ашуун окуучуларынын катышуусунда предметтик райондук олимпиада

Ноокат районундагы А. Беруний атындагы орто мектебинде бүгүн 17 айыл өкмөттөн келген 9- класстардын  200 дөн ашуун окуучуларынын катышуусунда предметтик райондук олимпиада болуп өттү

“ Биз 10-11-класстар арасындагы предметтик олимпиадада район аймагынан 36 окуучу барган болсо, алардын ичинен 29 окуучу 1-2-3-  орунду алып келишкен.Бирок окуучуларыбыз олимпиаданын Республикалык деңгээлде 1 гана окуучубуз 3- орунду алып келди. Бул да болсо ийгилик, бирок биз күткөндөй  жыйынтык болгон жок. Андыктан биз предметтик олимпиадага бүгүнтөн тартып даярдануубуз зарыл ” деди- райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы олимпиаданы ачып жатып. Олимпиаданын ачылышына райБББнын кызматкерлери, мугалимдердин райондук профсоюз комитетинин төрайымы Cонунбүбү Шанабаева жана мугалимдер катышты.

Биз мугалимдерге жана окуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ал үчүн сиздер бизге алдыңкы натыйжаны камсыз кылышыңыздар керек.

Олимпиаданын райондук этабы 11 предмет боюнча өтүп, аны райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Осмонаалы Көчкөнбаев  жетектөөдө.

Маалымат үчүн айта турган болсок быйылкы окуу жылында Ноокат районунун 12 окуучусу облустук олимпиаданын жеңүүчүсү деп табылган.

 

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын басма-сөз катчысы:                                                                           Мамасадыков З. А