Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо-сынагынын райондук этабы өткөрүлдү

 

Кара-Суу районунун мектептериндеги эмгектенип жаткан мугалимдердин арасынан эң мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн №12/3 буйругунун негизинде «Жылдын мыкты мугалими-2014» кароо-сынагы жобого ылайык 2014-жылдын 4-5-апрель күндөрү райондук этабы өткөрүлүп ага 17 айылдык округтардан жеңүүчү болгон 17 мугалимдер катышты.

         Кароо-сынактын 1-этабы Бабур, Ленин, Рахманалиев атындагы орто мектептеринин, ал эми 2-этабы Сарай айылдык округунун маданият үйүнүн базасында өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылган ар бир айылдык округдан бирден жалпы 17 мугалим катышты.

         Кароо-сынактын жыйынтыгында 1-орунду И.Кулбаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Үсөнбаева Асель, 2-орунду А.Рахманалиев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Токторова Минура,             3-орунду Омарбек Датка атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Хасанова Мадиналар ээлешти.

         Кароо-сынакта 1-орунду ээлеген И.Кулбаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими А.Үсөнбаевага Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдында уюштурулган “Матраимов Исмайыл ата” фондунун эсебинен 30 000 миң сом акчалай сертификаты жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 1-даражадагы диплому менен сыйланды.

         Ал эми 2-орунга Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин 2-даражадагы диплому жана муздаткычы, 3-орунга 3-даражадагы диплому менен түстүү сыналгы жана ошондой эле 14 активдүү катышкан канкурсанттарга дипломдор, баалуу сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин

райондук профсоюз комитетинин

төрагасы                                                                               П.Жакыпов