Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-тарбиячылардын көйгөйүн чечүүгө аракеттер көрүлүүдө

 

Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитети  тарабынан укуктарын коргоо максатында төмөндөгүдөй иштер аткарылып жатат..

            Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин № 185 беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 токтомунун негизинде 2013-жыл үчүн мектеп, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринин өз билимин өркүндөтүү боюнча курстарга барып келген сапар чыгымдарын  үч тараптуу келишимдин негизинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан төлөп берилиши керек. Бирок 2013-жылдын сентябрь айында 15 предметтен 86 мугалим, октябрь айында 15 предметтен 74 мугалим, ноябрь айында 15 предметтен 77 мугалим жана декабрь айында 15 предметтен 78 мугалим  жалпысы район боюнча 315 мугалимдердин   сапар чыгымдары төлөнүп берилбей келүүдө.

            Бул маселе боюнча Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына  жана 17 айылдык округдардын башчыларынын атына  жогорудагы  маселени  оң жагына чечип берет деп сураныч  кат менен кайрылуу жасап, мугалим-тарбиячылардын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө аракеттер көрүлүүдө.