Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Методикалык жардам берүүнүн айлыгынын жыйынтыктары жөнүндө

 

Март айындагы методикалык айлыктын алкагында Майлуу-Суу, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Көк-Жаӊгак райондук, шаардык комитеттеринде жардам берүү уюштурулду.

    Аталган райшааркомдордо райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Г.Карашова, Б.Садыков, Т.Усенов, РК төрагасы А.Исмаилов, Э.Мурзахмедовалар  катышышты.

    Мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди кыдыруунун жыйынтыктары боюнча кеӊейтилген семинарлар өткөрүлдү.

    Семинарларда эмгек акы төлөөнүн жаӊы эрежелери, эмгекке жарамсыздык баракчаларынын толтурулушу, профсоюздук билеттер жана учеттук карточкалар менен камсыз болушу, профсоюздук документтердин  эрежеге ылайык жүргүзүлүшү, эс алуу бөлмөлөрүнүн уюштурулушу, профсоюздук бурчтардын, кабинеттердин жабдылышы боюнча иштиктүү сунуштар, жардамдар берилди.   

     Семинарларда обкомдун төрагасы К.Мурзакматов профсоюздук кыймылды өркүндөтүү боюнча кеӊири сүз  сүйлөп, жыйынтыктады.   

     Кезекте ушундай жардамдар Чаткал, Ала-Бука, Аксы райкомдоруна берилмекчи.