Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда 2014-жылдын мыкты сулуусу тандалды

2014-жылдын 12-апрель күнү  Ош шаарындагы Бабур атындагы  музыкалык  драма театрында Ош технологиялык университетинин факультеттер аралык студент-кыздар ортосундагы «ОшТУ периси - 2014» кароо сынагы болуп өттү. Бул иш-чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, негизги максаты – студент-кыздардын интеллектуалдык жана маданий деӊгээлин аныктоо, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана жакында өткөрүлүүчү Ош шаардык «Сулайман тоо периси - 2014» сынагына катышуучу сулууну тандап алуу болуп саналат. Сынакка 8 факультеттин сулуусу катышып, болгон күч-аракети менен өздөрүнүн таланттарын тартуулашты. Калыстар тобунун курамы да көбүнесе окуу жайдан сырткары эмгектенген чыгармачыл инсандардан куралып, калыс бааланды.

Кароо-сынак 5 этап менен өткөрүлүп, жыйынтыгында Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин  студенти  Стамкулова Луиза «ОшТУ периси - 2014» сулуулар сынагынын  жеӊүүчүсү деп табылды. Ал эми «Ажарлуу пери-2014» номинациясына Табигый техникалык факультетинин студенти Боркошева Мунара, «Таланттуу пери-2014» номинациясын Инженердик курулуш факультетинин сулуусу Акижанова Эркинай ээлешти.     Аларга университет жетекчилиги жана профсоюз уюму  тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.   ОшТУнун профсоюз уюмунун төрагасы Азизбек Арзыматов жалпы  конкурска катышкан кыздарга жайкы каникул мезгилинде Арсланбап эс алуучу жайына  жолдомо  берилерине убада кылды.

ОшТУнун профсоюз уюмунун төрагасы Азизбек Арзыматов жаштардын интелектуалдык денгээлин жогорулатууда жана достук мамилелерин чыӊдоого багытталаган иш чараларга профсоюз уюму дайыма көмөктөшөрүн белгилеп кетти.

Эске салсак ОшТУнун профсоюз уюму былтыркы жылы дагы катышуучу кыздарга жана окуу жайдын алдынкы студенттерине Арсланбап эс алуу жайына жолдомо берип, анда 25 студент эс алып келишкен.  

 

 

ОшТУнун маалымат кызматынан  РАМИС ЫДЫРЫСОВ