Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун арасында өткөрүлүүчү чыгармачылык таймаш

 

2014-жылдын 5-апрелинде Ала-Бука районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен  “2014-жыл Кыргыз Республикасында мамлекеттүүлүктү бекемдөө”. Кыргыз Респупликасынын Билим,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Б.К. “жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар “ жылына  карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик билимин жогорулатуу, иш тажрыйбаларын жайылтуу, чыгармачылык  таланттарын көрсөтүү менен мамлекеттик маданиятты көтөрүү, улуттук каада-салттарды жандандыруу, ынтымакты, достукту чыңдоо, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, профсоюзда жаштардын ишмеррдүүлүгүн өстүрүү гүлдөп өсүшүнө кам көрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын  директорлорунун арасында “Тапкычтар, шайырлар, таланттуулар” таймашы өткөрүлдү.

Таймаштын жыйынтыгында Райком профсоюздун, калыстар тобунун төрагасы Ж.Дурусалиев таймаш учурундагы жетишкендиктерге кеңири токтолуп жеңүүчү команданы белгиледи. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да таймаштын катышуучуларын куттуктады. Өнөктөш катары райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким Кулуев Алымкул Райымкулович өзүнүн раазычылык сөздөрүн айтып билим берүү кызматкерлерине ийгиликтерди каалады профсоюз комитети тарабынан даярдалган I-II- дарыжадагы дипломдорду баалуу белектерди тапшырды.

 

 

Президиум мүчөсү Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин     баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы А.Касымбекова.