Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдин орду кандай болууга тийиш?

 

Бул суроого Баткен районунун Самаркандек айылындагы С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия мектебинде « Педагогикалык кызматкерлердин жумушчу ордун түзүү – ага камкордук көрүүнүн башкы шарттарынын бири»  деген темада болгон семинардын катышуучулары жооп издешип, талкуулашты. Семинар мугалимдин педагогикалык жумушчу ордун түзүү, ыңгайлуу пайдалануу боюнча жетекчилик иштерин активдештирүү максатында билим берщщ кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага кесиптик бирлик уюмдарынын тёрагалары, мектеп директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары келип катышышты.

         Семинардын I бөлүгүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы А.Юлдашев “Мектептин окуу-материалдык базасын чыңдоо, окуу кааналарын түзүү жана жабдуу боюнча райондо жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө”баяндама жасап, семинарды ачып берди. Аны улай Самаркандек гимназия мектебинин директору И.Жусупов “Самаркандек гимназия мектебинин тарыхы, жетишкен ийгиликтери жана учурдагы көйгөйлөрү”, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Б.Акматова “Окуу кааналарын түзүү, жабдуу, жасалгалоо жана анын окуучулардын билим сапатын өстүрүүдөгү ролу”, информатика мугалими З.Мусурманова ” Информатика каанасынын түзүлүшү, жабдылышы жана коопсуздук техникасынын сакталышы” деген темаларда баяндамаларды жасашып, өз тажрыйбалары менен тааныштырышты.

          Семинардын II бөлүгүндө катышуучулар 3 топко бөлүнүшүп окуу кааналары боюнча экскурсияга чыгышты. Катышуучулардын 1-тобун мектеп директору И Жусупов., 2-тобун директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Б.Акматова, 3-тобун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагасы И.Разаков жетектеп аталган мектептин материалдык базасы, окуу кааналарынын жабдылышы, техникалык коопсуздугунун сакталышы менен тааныштырып чыгышты.

         Семинардын аягында катышуучулар өз ойлорун, сунуштарын айтышып, учурдагы мектеп көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө азыркы учурда окуу процессинде материалдык базаны сарамжалдуу, ыктуу, натыйжалуу пайдалана билүү, алдыңкы технологиялардын, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, ага окуучуларды тартуу айрым айыл мектептеринде аксап жаткандыгы, бул маселеге көңүл буруу жана ыкчам аракеттерди көрүү зарылдыгы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кечиктирилгис милдеттеринен экендиги белгиленди.

         Кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев сөз сүйлөп, семинарды жыйынтыктады.

 

РКПнын жетектёёчщ адиси                                          Б.Абдыразакова