Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети

 

Жаңылык

 

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин бүгүнкү күндө 5500 мүчөсү бар, деп билдирди профсоюздар комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева. Анын айтымында, эгерде 2012-жылы сентябрь айында аталган комиттетте 4150 мүчө катталган болсо, 2013-жылдын сентябрь айында алардын саны 5500 адамга жеткен. «Көрсөткүчтүн мындай жогорулашына район аймагындагы бала-бакчалардын мугалимдери, кызматкерлери жана техника кызматкерлери, ошондой эле мектептердин дагы техника кызматкерлери өз ыктыярлары менен мүчөлүккө өтүүсү себеп болгон. Буга чейин техкызматкерлер айыл өкмөттөрдүн профсоюз комитетине мүчө болуп турушкан эле. Катталган 5500 профсоюз мүчөсүнүн 4700 аялдар болсо, 1800 мүчөсү 35 жашка чейинки жаштар түзөт

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын басма-сөз катчысы:                                             Мамасадыков З. А