Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Баланын укугун коргоо максатында ” атайын рейд уюштурулду.

 

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен, мектеп окуучуларынын каникул ичиндеги кыймылына көз салуу максатында атайын рейд уюштурулууда. Бул туурасында Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнмүнүн башчысы Муктар Маматалиев билдирди.

«Анткени, баланын каникул ичиндеги убактысын оор жумуштарга эмес, ар кандай маданий иш-чараларга катышууга багыттоо керек. Кээ бир ата-энелер балдарын ар кандай акча табуучу жумуштарга иштетүүсүнө жол берүүдө. Буга каршы туруп, мектептерде ар кандай маданий массалык - иш-чараларды уюштурууну колго алуу зарыл. Бала өзүнүн балалык доорун татыктуу өткөрүүгө укуктуу», - деди бөлүм башчы иш-чаранын жүрүшүндө.

Анда Ноокат шаар мэриясынан, райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчү инспектору, Ноокат шаар аймагындагы жана Мирмахмудов айыл аймагындагы мектептердин мугалимдеринен түзүлгөн 5 топ шаар аймагындагы базар ичинде жана чайкана кафелерде болуп, жалпы ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Топту райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева жетектөөдө. Райондук профсоюздар комитетинин төрайымынын маалыматы боюнча, бул иш-чара мындан мурун февраль айында облустук прокуратуранын демилгеси менен уюшулган.

Анда 12 мектеп окуучусу кафе, чайканаларда иштегени катталган. Бирок, маалыматтарга караганда ал балдар 9-классты бүтүп, үй шартына байланыштуу окубай калгандыгы, мектептерден алынган аныктамалардан улам белгилүү болду.

 

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын басма-сөз катчысы:                                             Мамасадыков З. А