Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

 

Биз, Чон-Алай районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөлөрү акыркы мезгилдерде «Эркин профсоюздар конфедерациясын» түздүк деп жатышкан Н.Асанов менен Н.Дуйшонбеков деген атуулдардын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстан профсоюздар федерациясына,анын торагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин адресине курулай жалаа жаап, ар түрдүү  дооматтарын айтып жаткандыгына тынчсызданып жаткандыгыбызды  билдиребиз. Аталган атуулдар өз алдынча «Эркин профсоюздар» түзөбүз десенер профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып,өзүнөрдүн уставыңар менен  иш жүргүзө бербейсиңерби?  Силердин азыркы иш-аракетинерди нечендеген жылдардан бери калыптанган, өзүнүн  курамындагы  профсоюз мүчөлөрүнүн  социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын мыйзам чегинде көргөп,узурлуу иштеп келе жаткан профсоюздардын ишине түздөн-түз бут тосуу деп эсептейбиз. Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жигердүү  аракети, иш билги жетекчилиги менен билим берүү  тармагында акыркы жылдарда олуттуу  өзгөрүүлөр,  чоң  жетишкендиктер болууда. Мисалга:мугалимдердин айлык  акыларынын жогорулашы, медициналык кароодон акысыз  өткөрүү  ж.б. социалдык женилдиктерди  берүүдө  бүл  жетекчинин түздөн-түз чоң салымы бар экендигин билебиз.

Ошондуктан,узак жылдардан бери алдынкы коомдук уюм катары  үлгүлүү  иш жүргүзүп келе жаткан Кыргызстан профсоюздар федерациясына, анын ишин жаңы денгээлге көтөрүп жаткан Асылбек Токтогуловго курулай доомат артып,асылганынарды токтоткула.                 

                  Профсоюздар ар дайым  ынтымак менен биримдикти туу туткан алдынкы коомдук уюм болуп  келген  жана мындан ары да боло берет.