Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук профсоюз уюмунун жетекчилеринин семинары болуп өттү

Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Сейдана Молдокеева атындагы “Манас” орто мектебинде райондук профсоюз уюмунун жетекчилеринин семинары болуп өттү. 15-январда Сейдана Молдокеева атындагы Манас орто мектебинде райондук профсоюз уюмунун жетекчилеринин катышуусу менен “Мектеп жамаатындагы жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруудагы профсоюз уюмунун ролун жана көйгөйлөрүн аныктоо” аттуу семинар болуп өттү. Семинардын катышуучулары топторго бөлүнүп, практикалык иштөө менен өткөрүлдү. Жалпы семинардын катышуучулары 3 тайпага бөлүнүп төмөндөгүдөй темалар менен иштешти: 1. Картирлөө 2. Венн диаграммасы 3. Пирог, токоч 4. Көйгөйлөр галлереясы 5. Натыйжа тактайчасы Семинардын катышуучулары иштөөгө тоскоолдук болбоо үчүн төмөндөгүдөйкабыл алынды: 1. Чөнтөк телефондорду өчүрүү 2. Тартип сактоо 3. Бирөөнүн оюн бөлбөө 4. Берилген темадан чыкпоо Андан соң ар бир тайпа өз мектебиндеги оң жактарды көк, терс жактарды кызыл түстөрдү колдонуу менен белгилеп, лидерлери- 1-топтон Чокоев атындагы баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Атыканова Зыйнат, 2-топтон Токторалиев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Р. Акматбекова, 3-топтун Турусбек атындагы орто мектебинин баштапкы уюмунун төрагасы Нургазиев Сүйүнтбектер баяндап беришти. Венн диаграммасына мугалимдердин жайкы эс алуусу түшүрүлдү. “Манас” ордо улуттук комплексине эс алгандар 50%, Сары-Челек коругуна баргандар 30%, Чычкандагы Ак-Көл жайлоосуна сүт ичүү 10%, Суусамыр жайлоосу 5%, Арсланбап коругу 5%, Ысык-Көл 5%, Ысык-Ата жана Жыргалаң 1%ды түздү. “Токоч” бөлүштүрүүсүндө 2011-2012 окуу жылындагы жайкы эс алууга 20%, 2012-2013-окуу жылында 40%, 2013-2014-окуу жылында 70% үлүштөр таандык болду. Көйгөйлөр галереясында 20 добуш баштапкы профсоюз уюмдарынын атайын кабинетинин жоктугу жана айлык акы төлөнбөгөндүгү маселе катары коюлса, мектептерде компьютердин жоктугу 2 добуш, семинарлар өткөрүлүп туруу, тиешелүү мыйзамдык нормативдик актылардын зарылдыгы 3 добушка, мектепте дене тарбия сабагы үчүн атайын чечинүүчү жайдын жоктугу 1 добушка ээ болгон проблемалар катары аныкталды.Семинардын жыйынтык бөлүмүндө көйгөйлөрдү чечүү жолдоруна токтолушуп суроо-жооп жана кызыктуу талкуу менен жыйынтыкталды. Семинарга 29 баштапкы уюмдун жетекчилери катышты. Сүрөттө Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз Комитетинин төрагасы Токтомуш Исраилов семинардын жыйынтыгын чыгарууда.