Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу-семинар болду

 

Ош  областтык  билим, илим  профсоюз  комитети  Өзгөн  райондук, Өзгөн  шаардык  билим берүү  мекемелеринин  баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарын катыштырып, 12-февраль күнү  Өзгон шаарында  профсоюздук окуу-семинар өткөрдү. Окуу-семинарга 120 профсоюз лидерлери катышышты.   ОПК  тарабынан  «2014-жыл баштапкы профсоюз  уюмдарынын  төрага, төрайымдарынын  укуктук-ченемдик  актылар  жөнүндөгү   билимдерин жогорулатуу жылы» деп кабыл алынгандыгына байланыштуу окуу-семинардын планында укуктуулукту коргоо, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, жамааттык келишимдердин маани-маңызы жана  анын аткарылышы , эмгек акынын нускамага ылайык туура эсептелинип берилиши, убактылуу  эмгекке жарамсыздык,  кош  бойлуулук  жана  төрөт боюнча  жолокпулдардын  туура  эсептелинип  жобого ылайык берилиши, баштапкы  уюмдардагы  документация  иштери,  туруктуу комиссиялардын иштоо тартиптери жөнүндө  маселелер камтылды.                                                                                                                                                                                                                 Жогорудагы  маселелер  боюнча  суроо, жооптор  берилип  талкуу  ирээтинде  жандуу  өтүп, иш- чаара өз максатына  жетти деп катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришти.                                                                                                                                                                                                                 Окуу-семинардын аягында  өздөрүн  «эркин профсоюздар Конфедерациясы»  деген аталышта көрсөтүп, ушул уюмга  мүчөлүкө  өткүлө деген  чакырыктарга  каршы туруу жана бөлүнүп, жарылууга  жол  берилбейт  деген  ишенимдуу  сөздөр  айтылды.

 

Ош областтык билим, илим профсоюз комитети.