Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Профсоюз комитетинин Президиуму

 

Ош Мамлекеттик Социалдык Университети

Профсоюз комитети

Президиум

06.02.2014 күнү Ош Мамлекеттик социалдык Университетинин (КӨУ) профсоюз комитетинин президиуму болуп өттү.

            Президиумду ОшМСУнун профком төрагасы, м.и.к. Мамажакып уулу Чыӊгызбек ачып, төмөнкүдөй күн тартиби менен тааныштырды:

  1. Профсоюз комитетинин 2014 жыл үчүн түзгөн иш планын бекитүү;
  2. Студент жаштардын кызыкчылыктарын коргоо, аларды мотивациялоо жана студенттик профсоюз жөнүндө;
  3. Профсоюз комитетинин штаттык бирдиктерин жана жылдык сметасын бекитүү;
  4. Ар кыл маселелер.

Күн тартибине ылайык Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Профсоюз комитетинин 2014 жыл үчүн иш планы, штаттык бирдиктери, сметасы бекитилди. Мамажакып уулу Чыӊгызбек өзгөчө 2-маселеге президиум мүчөлөрүн көӊүлүн бурду. Быйыл студент жаштардын кызыкчылыктарын коргоого, аларды (контрактык негизде окуган студенттерди) мотивациялоого өзгөчө көӊүл бурулуусу керектигин баса белгиледи. Бюджеттик негизде окуган студенттерди профкарточкалар жана профбилеттер менен толук камсыздоону профсоюз лидерлерине тапшырды.

Мындан сырткары ОшМСУнун 20 жылдыгына карата өткөрүлө турган бардык иш-чараларга профсоюз комитети активдүү көмөктөшөрүн өзгөчө белгиледи.

Ар түрдүү маселелерде профсоюз кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоодогу көйгөйлөр, материалдык жардамдар тууралуу сөз болуп, күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

           

                                                                      

ОшМСУнун профсоюз комитети