Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте!»

 

2014-жылдын  11-12-февраль  күндөрдү Ноокен  районунун 88 баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагалары менен семинар өткөрүлдү. Семинарда  төмөнкүдөй темалар боюнча материалдар берилди .

1.КПФнын  төрагасы   А. Токтогулов менен 31-январь 2014-жылдагы  Жалал-Абаддагы  жолугушууда белгиленген милдеттерди ишке  ашырууда профлидерлердин  орду  жана КПФнын  ишмердиги жөнүндө Борбордук  Комитеттин  сайтында  берилген  материалдар менен толук тааныштырууну  уюштуруу.

2. Социалдык камсыздандыруу боюнча жаңы өзгөрүлөр жана Борбордук  Комитеттен  сайтта  берилген айлык акыларды эсептелишин текшерүүнү эскерткичинен пайдалануунун  жолдору жөнүндө.

Семинардын   катышуучулары  тарабынан  берилген  суроолорго  жооптор  Борбордук Комитетин сайтындагы  материалдар  менен берилди. Семинарда чыгып  сүйлөгөндөр  профсоюздун күчү-ынтымак жана  биримдикте экендигин  белгилешип, ар бир  профсоюздук  лидер өзүнүн  ишинде мыкты иштегенде гана кубаттуу чоӊ  күч болорун  белгилешти. З  тараптуу,  2 тараптуу  жана  жамааттык  келишимдердин   аткарылышына  жетишүүнү  камсыздоо  негизги  милдеттер экендигине  токтолушту. 2014-жылда жаштарга өзгөчө маани  берүү,  алардын  көйгөйлүрүн  чечүүнүн  үстүндө иштөө негизги багыттардын бири    деп белгиленди.      Кеңешме  өз  максатына  жетти.