Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек жааматы жана профсоюз.

Биздин   К.Раимбеков  атындагы  мектептин   эмгек   жамааты  Эгемендүүлүк  жылдарынан  бери  билим  берүү  кызматкерлеринин  профсоюзунун  мүчөсүбүз.  Райондук, областтык  жана  республикалык  билим  жана илим кызматкерлеринин  профсоюз  комитеттери  биздин  укуктарыбызды, кызыкчылыктарыбызды  ар тараптан  коргоп, усулдук  көрсөтмөлөрдү  жана  жардамдарды берип келет.  Ошондой эле  түрдүү иш - чараларды, кароо-сынактарды, спартакиаларды өткөрүү  менен  кызматкерлердин эс алууларын  уюштурат.  Билим  жана илим  кызматкерлер  профсоюзунун  Борбордук  Комитети  тарабынан   кызматкерлердин  эмгек  акыларынын  туура  төлөнүшү,  эмгекти коргоо  жана  кызматкерлердин  укуктарынын  сакталышы  боюнча   усулдук көрсөтмөлөр  берилип, окуу-семинарлар  өткөрүлүп,  райондук  жана  баштапкы  профсоюз  уюмдарына  жакындан  жардам берилүүдө.

     Биз  “Эркин  профсоюз” уюмун  түзөбүз  дегендердин ой-пикирине  кошулбайбыз. Ал  “Эркин  профсоюз” уюму эмгек жамааттарынын  биримдигин, ынтымагын  бузуп, чыр-чатакка  алып келет.

    Биз мүчө  болгон профсоюз  уюмунун  иш  ыргагы   түптөлүп,  калыптанган  жана  биздин   кызыкчылыгыбызды  мамлекеттик деӊгээлде  коргой  турган уюм  экенине   ишенебиз.

 

 

Баштапкы  профсоюз уюмунун  төрайымы:     Ж.Токоева.

 

                               Өзгөн  району.