Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жыл жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээледи
2019-жылдын 26-январь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен районунда бир жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчёттук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Акматов, аппарат жетекчиси И.Масабиров, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун башчысы А.Токтосунов, Ноокен райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, мекеме- иш каналардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин төрагалары катышышты.
30.01.2019 713 Кесиптик бирлик региондордоЖыл жыйынтыгы чыгарылды
Билим берүү, илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Пленуму 2019-жылдын 18-январында өткөрүлдү. Пленумда иш планда көрсөтүлгөн тийиштүү маселелер каралып, өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып «Жылдын мыкты кесиптик бирлик комитети» номинациясы боюнча Өзгөн РПК, окуу жайлар арасында ОшМУнун бириккен кесиптик бирлик комитети жеӊүүчү болуп табылышты.
30.01.2019 586 Кесиптик бирлик региондордоБиринчи байлык ден соолук
Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлерине Жалал-Абад облустук профсоюз комитети тарабынан кыш мезгилине карата Жалал-Абад шаарындагы суусу дартка даба, өзүнүн касиети менен таанылган курорттук –санаториясына путевка бөлүнүп берилип 2 мугалим, 1 бала бакчанын директору 1 чарба башчылары барып ден соолуктарын чыңдап келишти.
30.01.2019 643 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар Кеңештери –жаш лидерлерди тарбиялоо мектеби
2018-жылдын 25-январында Жалал-Абад облусунун билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин кезектеги отуруму №16 Турусбеков атындагы орто мектебинин жыйындар залында Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Ч.Айдаровтун катышуусу менен болуп өтүү.
29.01.2019 851 Кесиптик бирлик региондордоЖоруктар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу “Жаш Тилек” орто мектебинде 2019-жылдын 23-январь күнү райондун укук коргоо органдарынын кызматкерлери мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп, ата-энелер арасында “Бузуулар кодекси”, жоруктар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, окуучулардын кылган жоруктарына ата-энелердин жоопкерчилиги, айып пулдардын өлчөмдөрү тууралуу кеңири маалымат берип, ата-энелердин суроолоруна жооп беришти.
25.01.2019 617 Кесиптик бирлик региондордоОнлайн олимпиада
Жалал-Абад шаарында биринчи жолу окуучулар онлайн түрүндө тест тапшырышты. Алар предметтик сабактардан шаардык деңгээлдеги олимпиадага катышып, жеңүүчүлөрү сыйланышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Атымышев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, шааркомдун төрагасы К.Акуновдор катышып, аларга дипломдор тапшырылды жана окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланды. Эми алдыңкы деп табылган окуучулар областтык жана республикалык олимпиадаларга даярдык көрүшөт.
24.01.2019 624 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы жылда жаңы ачылыштар
Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагында жайгашкан №18 Молдалиев атындагы орто мектебинде жаңы заманбап спорттук зал курулуп, пайдаланууга берилди. Спорттук залдын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунан 9 000 000 сом, Бүргөндү айыл өкмөтүнөн 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Ачылыш аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
24.01.2019 630 Кесиптик бирлик региондордо«Милициянын жаш досу» кароо сынагы
Акыркы убакытта жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштардын саны өсүп барат. Андыктан жыл башынан тарта Жалал-Абад шаарындагы тийиштүү органдар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү өспүрүмдөр менен иштөөнү дагы күчөтүп, тийиштүү иш-чараларды колго алышууда.
23.01.2019 1117 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-коомдун туткасы,билимдин башаты,тамыры,максаттардын үндөөчүсү
Мугалим…кандай гана ардактуу сөз.Мугалим кылымдарды карытып келе жаткан кесип экени талашсыз.Өнүккөн технологиянын заманынан артта калбай,адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн себип келе жаткан мугалимдерге сөздөрдүн берметин арнасак дагы алкыштардын-алкышын айтсак аздык кылаар.Ирсалиева Алимахан Коконова-баштапкы профсоюз уюмунун башчысы,тарых мугалими.
23.01.2019 804 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде кышкы спартакиада старт алды
Ош гуманитардык-педагогикалык институтуунда агай-эжекелер ортосунда факультеттер аралык спорттук мелдеш башталды. Мелдешке жалпысынан алты факультеттин жана администрациялык чарба бөлүмүнүн командалары катышып, достук беттешин тартуулашмакчы. Мында факультеттерден жана административдик чарба бөлүмүнөн куралган командалар спорттун волейбол, стол теннис, шахмат, тогуз коргоол жана таяк тартыш түрлөрү боюнча таймашышып, жалпы жыйынтыктын негизинде жеңүүчүлөр аныкталмакчы.
23.01.2019 565 Кесиптик бирлик региондордоУчительница которая обеспокоенная на будущее
Валентина Анатолиевна Лукина является руководителем Центра русского языка в городе Таш-Кумыр. Центр создан при городском методическом объединении по инициативе Славянского фонда Кыргызстана в целях сохранения и развития русского языка в регионе.В.А. Лукина закончила филологический факультет Ошского госпединститута, работала в сш №7 г. Таш-Кумыра учителем русского языка и литературы, завучем, заведующей методическим кабинетом горООНО. Деятельность В.А. Лукина не осталось незамеченной.
23.01.2019 1091 Кесиптик бирлик региондордо