Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жоруктар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу  “Жаш Тилек”  орто мектебинде 2019-жылдын 23-январь күнү райондун укук коргоо органдарынын кызматкерлери  мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп, ата-энелер арасында  “Бузуулар кодекси”, жоруктар  боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, окуучулардын кылган жоруктарына  ата-энелердин жоопкерчилиги, айып пулдардын өлчөмдөрү тууралуу кеңири маалымат берип, ата-энелердин суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле, жогорку класстын окуучулары менен да бузуулар жана жоруктар боюнча суроо жооп болуп өттү.

Мындай иш чаралардын өтүшү жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуучулуктарды азайтат деген чоң ишенич бар.

 

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева