Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар Кеңештери –жаш лидерлерди тарбиялоо мектеби

2018-жылдын 25-январында Жалал-Абад облусунун  билим  берүү  жана  илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ноокен райкомунун  алдындагы  Жаштар  Кеңешинин  кезектеги отуруму     №16  Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  жыйындар  залында  Жалал-Абад  обкомунун инспектору  А.Ч.Айдаровтун   катышуусу  менен болуп  өтүү.

Жыйындын  күн  тартибинде төмөнкү  маселелер  талкууланды:

1.Жалал-Абад обкомунун  алдындагы Жаштар  Кеңештеринин  2018-жылдагы аткарган иштери жөнүндөгү билдирүү.

2.Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кенештеринин курамындагы өзгөрүүлөрдү бекитүү.

3.Ноокен райкомунун  алдындагы Жаштар Кеңештеринин  2019-жыл  үчүн  иш  планын  бекитүү.

4. Жалал-Абад обкомунун алдындагы Жаштар Кеңеши тарабынан  Эмблема жөнүндө жарыяланган  кароого  катышууну райондо  уюштуруу.

5.Ар түрдүү  маселелер.

Жыйынды Ноокен райкомунун  алдындагы Жаштар Кеңешин төрагасы  Т.Бакиров ачып, облустук Жаштар Кеңешинин 2019-жылдагы иштери жөнүндө сладдар  менен билдирүү  жасады.

Маалыматты обкомдун инспектору  А.Айдаров  толуктап, жаштар  менен  иштоо  багытындагы Борбордук Комитет  тарабынан даярдалган   усулдук материалдар менен  кеңри  тааныштырып, суроолорго  жооптор  берди.

2019-жылдын иш  планы катышуучулар  тарабынан терең талкууланып,  жаңы   сунуштар  менен  бекитилди. Жаштар  тарабынан профсоюздук  багыттагы  окууларды,  семинарларды, тажрыйба  алмашууларды  уюштуруу, маалымат каражаттарында  жаштар жөнүндөгү  материалдар  менен активдүү  катышууну, каражат талап  кылынбаган иш-чараларды өткөрүү сунуштары айтылды.

Жыйында  каралган  маселелер  боюнча тийиштүү токтомдор  талкууланып, жаңы  сунуштар  менен  кабыл  алынды.

 

Материалды  даярдаган: Ноокен районунун №16 Ж.Турусбеков атындагы  орто  мектебинин профкому, Ноокен райкомунун эмгекти  коргоо  боюнча  коомдук техникалык  инспектору- Тагаева  Нургул