Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде кышкы спартакиада старт алды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтуунда агай-эжекелер ортосунда факультеттер аралык спорттук мелдеш башталды.

Мелдешке жалпысынан алты факультеттин жана администрациялык чарба бөлүмүнүн командалары катышып, достук беттешин тартуулашмакчы.

Мында факультеттерден жана административдик чарба бөлүмүнөн куралган командалар спорттун волейбол, стол теннис, шахмат, тогуз коргоол жана таяк тартыш түрлөрү боюнча таймашышып, жалпы жыйынтыктын негизинде жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Аталган иш-чара жыл сайын окуу жайда салтка айланып, спорт менен дос болуп, сергек жашоого  үндөө максатында Дене тарбия факультети, профсоюз комитети жана ректорат тарабынан уюштурулуп келет.

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу