Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биздин өнөктөштөр

    Биздин   өнөктөштөр

2018-жылдын декабрь айында 10 предмет боюнча жалпы 1500 окуучу олимпиадага ( 9-10-11 - класстардын окуучулары) катышты. Олимпиадага Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев , райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Айдарова жана предметтик мугалимдер катышышты. Олимпиада негизинен 5 мектепте өткөрүлдү. №1 Макаренко а.г.м, №2 А.Нишанбаев а.о.м., №3 З.Бабур а.г.м, №4 А.Навоии а.о.м. , №30 Ө.Атабекова а.и.г.мектебинде жогорку уюшкандыкта олимпиада өткөрүлдү.

 10.01.2019      644       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райКБКнын райондук семинары болуп өттү

 Ноокен  райКБКнын  райондук семинары болуп өттү

2018-жылдын 28-декабрь күнү Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү. Семинарга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад Обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү А. Айдаров, Ноокен рай КБКнын төрагасы К. Нышанов, Ноокен райБББнүн башчысынын орун басары Э.Абылбеков жана 94 баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары, Ноокен рай КБКнын алдында түзүлгөн Жаштар Комитетинин мүчөлөрү катышышты.

 10.01.2019      550       Кесиптик бирлик региондордо

«2о18-жылдын Мыкты профсоюздук уюму» - Гран Приси Ноокендиктерде

«2о18-жылдын  Мыкты профсоюздук уюму» - Гран Приси  Ноокендиктерде

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети 2018 – жылдын жыйнтыктарын чыгарып, “2018 - жылдын мыкты профсоюздук уюму” кароосунун Гран При сыйлыгына Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №30 Байзак Дамашев атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму (профкомдун төрайымы Аманбекова Жумагул Абдирасуловна, мектептин директору Бакиров Медербек Сайдимаматович) татыктуу болду.

 10.01.2019      812       Кесиптик бирлик региондордо

Райондук олимпиада

Райондук олимпиада

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө 2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын 2 райондук этабынын жүрүшү болуп өттү. 2018-жылдын 8-15- декабрь күндөрү 10 предмет боюнча жалпы 1500 окуучу ( 9-10-11 - класстардын окуучулары) катышты.

 10.01.2019      890       Кесиптик бирлик региондордо

Жала-Абад областына караштуу Базар-Коргон айылындагы А.С.Макаренко атындагы №1 гимназия мектеби

Жала-Абад областына караштуу Базар-Коргон айылындагы   А.С.Макаренко атындагы №1 гимназия мектеби

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу А.С. Макаренко атындагы №1 гимназия мектебинде 22- декабрь күнү мектеп профкомдорунун семинары болуп өттү.Семинарга Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев жана казына башчысы Б.Дуйшобаева жана 65 мектептин профкомдорунун төрага жана төрайымдары катышышты.

 10.01.2019      964       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылды тосуу аземи Токтогул районунда өзгөчө шаң менен өттү

Жаңы жылды тосуу  аземи Токтогул районунда өзгөчө шаң менен өттү

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Бримкулов атындагы мектеп иновациялык гимназиясында өзгөчө шаң менен башталды президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылына карата мыкты окуган окуучулар үчүн Токтогул районунун акими М.Сатымкулов жаңы жылдык майрам уюштуруп берди.

 10.01.2019      579       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүгө жардамын аябаган депутат

Билим берүүгө жардамын аябаган депутат

Тогуз-Торо райондук кеңешинин жана айылдык кеңешинин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” Каргалык айылдык кеӊешинин депутаты Жаныкеев Азиз Доктурбекович өз каражатынан 24-декабрь күнү №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 80 000 (сексен миӊ) сомго мектептин актовый залына отургуч алып берди. Буга чейин аты аталган мектепке өз каражатынан 1,5 млн сомго мектепке кичи спорт залын куруп берген. Ошондой эле 100 000 (жүз миӊ) сомго интерактивдүү доска, 100 000 (жүз миӊ) сомго видео көзөмөл, 10 000 (он

 10.01.2019      573       Кесиптик бирлик региондордо

БӨБӨКТӨРҮБҮЗ АР ТАРАПТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ТИЙИШ

 БӨБӨКТӨРҮБҮЗ АР ТАРАПТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ТИЙИШ

“Баластан” балдар бакчасынын иштей баштаганына эми гана 4 жылдын жүзү болду. Ошого карабастан бала бачанын базасында бир нече ирет шаардык, областтык семинарлар, усулдук жумалыктар, жаш адистердин декадасы, “Ачык эшиктер күнү” болуп өттү. Албетте, мунун жүйөлүү себеби бар. Анткени, “Баластан” бакчасы өз ишин баштаган алгачкы күндөн эле чоң уюштуруучулук дарамет менен иш жүгүзүлүп, мезгилдин соккон желаргысына таламдаш аракеттерди жүзөгө ашырып келе жатабыз.

 27.12.2018      769       Кесиптик бирлик региондордо

Жөө жүрүшкө чыгышты

Жөө жүрүшкө чыгышты

4 - декабрь күнү шаардагы Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн тарбиялануучулары жана жетекчиси Г. Бердимуратова жетектеген жамааты жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүш Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө, СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

 27.12.2018      639       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАН-ДҮЙНӨГӨ БИЛИМДИН ШАМЫН ЖАККАН МУГАЛИМ!

    ЖАН-ДҮЙНӨГӨ БИЛИМДИН ШАМЫН ЖАККАН МУГАЛИМ!

Балдар чыгармачлык үйүндө математика ийримин жетектеген мугалим Асанбекова Анаркан эжеке ар тараптуу өнүккөн инсан. Улгайып калганына карабай жаматтагы, шаардагы коомдук иштерге активдүү катышууга аракеттенет. Эки жылдан бери шаарда “Ак тилек” шайыр апалар тобун жетектейт. Шаарда майрам күндөрдө, башка дагы уюштурулган салтанаттуу иш чараларда дайыма эл алдында обон созо ыр-бийлерин тартуулашып элге жагышат. Тутумунда медик, мугалим, тигүүчү, ишкер, тарбиячы, ашпозчу, үй кызматындагы 50-70 жаштагы 11 аялдан турган шайыр апалар өз репертуарларынын мазмундуулугу менен бааланып, Кыргызстандын бир топ аймактарында да өнөрлөрүн көргөзүштү.

 27.12.2018      618       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны

2018-жылдын 21-декабрь күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны болуп өттү. Жыйынга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, социалдык тармактын башкы адиси, бөлүмгө караштуу 67 мектептин директорлору, 48 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышышты.

 27.12.2018      755       Кесиптик бирлик региондордо