Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны

2018-жылдын 21-декабрь күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны болуп өттү. Жыйынга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, социалдык тармактын башкы адиси, бөлүмгө караштуу 67 мектептин директорлору, 48 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышышты.

Иш чаранын башталышында райондук өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн жана өрткө каршы кызматынын кызматкерлери майрамдарды өткөрүү алдында жалпы коопсуздукту жана өрткө каршы коопсуздугун алдын алуу  максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Жеемуратов Улукбек Имматовичти жалпы жыйындын катышуучуларына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалап, бардыгын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Андан соң, күн тартибиндеги маселелер каралып, жаңы дайындалган жетекчи мындан ары жүргүзүлө турган иштер тууралуу маалымат берип, ишке чоң жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылаарын белгиледи.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич Улукбек Имматовичти жаңы кызмат орду менен ошондой эле жалпы жыйындын катышуучуларын келе жаткан 2019-жаңы жылы менен куттуктады. 

Иш чаранын жүрүшүндө жаңы жыл майрамын өткөрүүнүн графиги талкууланды. “Балаты - 2019” майрамдарына катыша турган окуучулардын тизмелери такталып, мектеп директорлоруна майрамды өткөрүү боюнча буйрук берилди.

Марина Сагалиева