Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүгө жардамын аябаган депутат

Тогуз-Торо райондук кеңешинин жана айылдык кеңешинин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу”  Каргалык айылдык кеӊешинин депутаты Жаныкеев Азиз Доктурбекович  өз каражатынан 24-декабрь күнү №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 80 000 (сексен миӊ) сомго мектептин актовый залына отургуч алып берди. Буга чейин аты аталган мектепке өз каражатынан 1,5 млн сомго мектепке кичи спорт залын куруп берген.  Ошондой эле 100 000 (жүз миӊ) сомго интерактивдүү доска, 100 000 (жүз миӊ) сомго видео көзөмөл, 10 000 (он миӊ) сомго окуу куралдарын,  №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебине 100 000 (жүз миӊ) сомго интерактивдүү доска, №8 М.Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине окуу китептерин алып берүү менен  жыл сайын 10 000 (он миӊ) сомдон акчалай жардамын берип келет. Мындан тышкары спорт мектебине 10 000 (он миӊ) сом акчалай жардам берген. №2 Асан Абдраимов  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине эмеректерди тапшырууда райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Карыбекович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Сапарбекович, райкомдун төрагасы Залкар Керипбаевич жана мектеп жетекчилиги, мугалимдер билим берүүгө жакындан жардам  бергендиги үчүн Азиз Доктурбековичке терең ыраазычылыктарын билдиришип,   ишине жана үй-бүлөсүнө ийгиликтерди каалашты.

 

 

Райкомдун адиси Н.Апешов