Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жөө жүрүшкө чыгышты

4 - декабрь күнү шаардагы  Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн тарбиялануучулары жана жетекчиси      Г. Бердимуратова жетектеген жамааты  жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүш Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө, СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Эскерте кетсек, 1948-жылы 10-декабрда АКШда адам укугун коргоо боюнча атайын декларация кабыл алынган. Ошондон тарта бул күн адам укугун коргоонун эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен 9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү катары белгиленет.  1-декабрь дүйнө эли тарабынан СПИДге каршы күрөшүү күнү болуп жарыяланган.

Иш-чара жаш муунга адам укуктарын коргоо,  коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу, кылым илдети болгон айыкпас ооруга каршы курөшүү  туралуу  түшүнүк берүү максатында балдар чыгармачыл үйүнүн жамааты тарабынан уюштурулду. Жөө жүрүштү жол кыймылынын коопсуздугун тейлөөчүлөр коштоду.

 

                                                                                                                     Бердимуратова Г.