Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БӨБӨКТӨРҮБҮЗ АР ТАРАПТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ТИЙИШ

“Баластан” балдар бакчасынын  иштей баштаганына эми гана 4 жылдын жүзү болду. Ошого карабастан бала бачанын базасында бир нече ирет шаардык, областтык семинарлар, усулдук жумалыктар, жаш адистердин декадасы, “Ачык эшиктер күнү”  болуп өттү.  Албетте, мунун жүйөлүү себеби бар.  Анткени, “Баластан” бакчасы өз ишин баштаган алгачкы күндөн эле чоң уюштуруучулук дарамет менен иш жүгүзүлүп, мезгилдин соккон желаргысына таламдаш  аракеттерди жүзөгө ашырып келе жатабыз. Ошон үчүн бул жерде башка тарбиячылар, эмгек жамааттары ар тараптуу өрнөк ала турган көрүнүштө арбын  десем жаңылбайм. Демек, мындай жакшы жөрөлгөлөрдү башкаларга да кеңири  жайылтуу эзелтен бери келе жаткан көрүнүш. “Жакшынын шарапаты...”дегендей жашообузда жакшы нерсени канчалык колдоп, өзүбүзгө алып жайылтсак, ошончолук алдыга жылуулар, жакшы ийгиликтер болору таашсыз.

Союз таркагандан бери башка максатка пайдаланылып келген “Баластан”  бакчасынын имараты кайтарып алынып оңдоп-түзөлүп ишке киргизилгенде бакчанын ишин жөндөп кете туган жетекчи кадр зарылдыгы келип чыккан. Ошол учурда  мага 45 жыл мугалимдик эмгек тажрыйбасы бар, “Эл агартуунун  отличниги, насаатчы, балдар бакчасынын тармагындагы ишти эң мыкты  билген үлгүлүү мугалим катары ишеним көсөтүлдү. Бул мен үчүн өтө чоң милдет жана жоопкерчилик болчу. Бакча чоң,  милдет да чоң, ошого жараша аракеттенип  жамаат менен иштеп келе жатам.

Чоң жамаатты ишке уюштуруу, жаңыдан эле ишин баштаган бала бакчасынын ишин жөнгө салуу көптөгө түйшүктү талап кылды.  Педагог-тарбиячылардын ар биринин өз ишин тыкан, так аткаруусун камсыздоо жетекчиден  ары салмактуу, ары түйшүктүү аракетти талап кылат эмеспи. Бирок, иштейм дегенден кийин иштеш керек. Уят болбой. Эл алдында, башкалардын алдында да жүзү жарык болуп иштеш керек. Улгайганда оор жүк кандай болоор экен” деген санааркоо менен алгачкы күндөн эле болгон дараметимди, тажрыйбамды, жөндөмүмдү сарптадым.

Мен негизинен үй-тиричилдигине да, кызмат ишине да так болууга умтулам. Ар бир ишти ойлонуп ичимен бышырып, ар түркүн жагдайларды, ар башка идеяларды жан дүйнөмдө электен өткөрөм. Анан “бышып ийине жеткенде” сыртка чыгарып, ишенген, оңдой ала турган, пикиримди бирге талкуулаша ала турган, туура кеңеш бере ала тургандар менен ой  бөлүшөм. Натыйжада кай максатта баштаган иш болбосун анын жыйынтыгы жемиштүү болуп келе жатат десем жаңыбайм. Мындай жакшы саамалыктардын жаралышына биринчи кезекте жамааттагы иштеп жаткандардын шык-жөндөмү, тарбиячылык, мугалимдик билими, табигый аракетчил, изденгичтиги, намыскөй жана умтулгучтугу  да себеп болорун жакшы билем.  Бизде дал ушундай жамаат эмгектенет.

Жамаат, балдар, ошого жараша ата-энелер да көп жана ар түрдүү шарт-жагдайда жашагандар. Алардын ар биринин көңүлүн, жан-дүйнөсүндөгү көксөө-мүдөөлөрүн билип, анан мамиле кылуу жакшы жыйынтык берери табигый иш.  Мен тарбиячылардан тартып ушул жерде иштеген ар бир адамдан мээримдүү, боорукер, адамгерчиликтүү болуусун, туура, таза, так иштөөсүн талап кыламын.

Бакчада ар түрдүү тематикалык иш чаралар  ырааттуу уюштурулуп келет. Бакчанын ички жасалгасында бөбөктөргө жакшы тарбия берүүчү жомок каармандары, жаратылышты сүйүү, адептүү болуу ж.б. сүрөттөр бар. Ата-энелер чогулуштары, майрамдык салтанаттар  уюшкандыкта өтүлөт.  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүлгөн семинарыбыз жогорку деңгээлде деп бааланды. Бакчада эми  мыкты педагог Гапыр Мадеминовдун  китебин окуп чыгышып “Энелер бакчасы” семинарын пландаштырып жатышат. “Тарбия бакчадан башалат” демекчи балдарды өстүрүү үчүн сөз өстүрүү, сабат ачуу, математика, сүрөт, чаптоо, дене тарбия, музыка сабактары, бакча кыргыз тилинде болгондуктан орус тил сабагы өтүлөт,  бул үчүн эки орус тилчи мугалим эмгектенет.   Мезгил-мезгили менен өтүлүп турчу ата-энелер жыйналышында каралуучу маселелер тематикалуу, так болот. Ар бир ата-эне өздөрүнүн уул-кыздары тарбияланып жаткан бала бакчасы эмнеден кыйналып, эмнеге муктаж болуп, кай маселени  тез чечүү керек, же учур бала бакчалардан эмнени талап кылып жатат, кандай шарттагы, канча бала  бакчадагы шарт-жагдайдын эрежесине жооп бере албай жатат(ата-эне, үй-бүлөлүк жагдайда) эмне кылуу керек, жеңилдик маселелеси....ж.б. ачык айтып сүйлөшүлөт жана чечилет.

Жаңыдан бакчага кошулган бөбөк дароо эле көнүп кетпейт. Ыйы, чыры болот. Ата-эне менен түшүнүшө сүйлөшүп, акырындап үйрөтүүгө жетишилет. Биз негизинен бакчанын эреже-тартибине (режимге)көз карандыбыз. Анткени, саат, мүнөт эсептелүү. Өз убагында алып келип, өз убагында алып кетүүсү абдан маанилүү.

Мен ата-энелерибизге абдан ыраазымын. Алар  биздин бардык айткандарыбызды туура кабыл алышат.Биз каалаган нерселердин так болушу алардын өз балдары үчүн зарыл экенине чоң маани беришет.Бакчабыздын ичиндеги жасалгаларыбыздын баары ата-энелердин жардамы менен бүткөрүлгөн. Алар биз менен байланышп, баарлашып, эмне көйгөй бар экнин угушуп жана туура түшүнүшүүгө аракеттенишет.

Айтып коюучу  маанилүү нерсе мамлекетибизде мектепке чейинки  билим берүүгө  да,  тарбиячы-педагогдорубуздун билим деңгээлин жогорулатууга   да  көңүл бурулууда. Заман талабына ылайык чеберчиликти өздөштүрүү багытында курстарга барышууда. Жаңы программалар, усулдук колдонмолор келип жатат.  Мектепке чейинки билим берүүгө чоң көңүл бурулгандыктан академияда  китептер даярдалып жатканы бизге белгилүү.   

Р. К.  КОЙЧУКАРАЕВА,

“Баластан” бакчасынын башчысы.